Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн Аримжан айылында 66 жаштагы А. аттуу аял уулунун токмогунан каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Маалыматка караганда, эне оор абалда ооруканага 28-октябрда түшүп, оор жаракатынан улам ошол эле күнү каза болгон. Бирок эне катуу токмок жеген абалда жатканда дагы «балама ыраазымын, жоопкерчиликке тартпагыла» деп айткан. Милицияга кошуналары кабар берген. Айрымдары уулу токтоо мүнөз экендигин, бул кабарга таң калуу менен карап жатышканын билдиришти. Маркум эненин жалгыз эле уулу болгон.

Сакалды айыл аймагынын жетекчилиги да окуяны тастыктап, батага барып келишкенин билдиришти.

Райондук оорукананын дарыгерлеринин айтымында, токмоктолгон аял аларга өзүн билбеген оор абалда жеткирилген.

«Бизге 28-октябрда күндүзгү саат 13:10 чамасында өзүн билбеген оор абалда түшүп, биздин кызматкерлер колунан келген жардамын көрсөтүштү. Бирок бейтап келгенине жарым саат болгондо үзүлүп калды. Алдын ала коюлган диагнозго караганда баш мээси катуу жабыркаган. Катуу токмоктон өпкөсү жарылып кеткени байкалган. Аппараттарга толук түшүрүүгө мүмкүн болбой калды. Аялды туугандары жана милиция кызматкерлери алып келген экен. Дароо тергөөчү чакыртылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп билдиришти ооруканадан.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here