Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районунун Баетов айыл округунун Кайыңды-Булак айылындагы менчик имаратын мектеп  (аянты 1 гектарга жакын)катары пайдаланууга бергени маалым болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ак-Талаанын акими Нурбек Молдокадыров билдирген. Аким аталган радиого буларды айтып берген.  ​

— Советтер Союзунун убагында имарат административдик автобазага карап турган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин менчиктештирүү учурунда жеке менчикке берилген. Кийинчерээк Камчыбек Жолдошбаевге караштуу Ак боз ат” деген жоопкерчилиги чектелген коомдун балансына өткөн экен. Биз Баетов айыл аймагынын 90 жылдыгына карата ал кишиге кайрылып, «ушул имаратты мектеп үчүн бербейсизби» деп сурандык. Ал киши ойлонуп көрүп, бизге муниципалдык менчикке биротоло бергенге макул болду. Биз ал кишиге ыраазы болуп турабыз, — деди Молдокадыров.

Имарат мамлекетке расмий түрдө 6-ноябрь күнү тапшырылат. Бул иш-чарага  парламент төрагасы Дастан Жумабековдун катышары айтылууда. Бул мектеп  бир сыйра оңдолгон соң 2019-жылкы окуу жылында пайдаланууга берилмекчи. Ал ишке кирсе кошумча бала бакча катары да кызмат кылат. Белек катары берилчү имарат 3 кабаттуу, кошумча актылык жана спорттук залдарды курууга ыңгайлуу уланмалары да бар. Баетов айыл округунун Кайыңды-Булак айылындагы азыркы эски  мектепте 200дөй бала окуйт. Айыл эли жаӊы мектепке муктаж болуп келаткан. Эске сала кетсек, Жолдошбаевдин Ак-Талаадагы «Турук» көмүр кенинде карьерасы бар

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here