Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайдын директорлук кызматын сурап, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өзү арыз менен кайрылган.

Бул тууралуу «Азаттыкка» маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

— Самара Каримова өзү арыз менен кайрылган экен. «Менин каалоом бар, ушул орунга коюп берүүңүздү өтүнөм» деген арыз жазыптыр. Орун басарым ошол арызды канааттандырган.

Эскерте кетсек, аталган окуу жайга ырчы Самара Каримова директор болуп дайындалгандан кийин, эки күндөн кийин кызматтан алынган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here