ИИМде 1-ноябрь Кыргыз милициясынын күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

2018-жылдын 1-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Кыргыз милициясынын күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурору Өткүрбек Жамшитов Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты Бакирдин Субанбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагымбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, кыргыз милициясынын генералдары, ички иштер министринин орун басарлары, ИИМдин башкармалыктарынын жана кызматтарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери жана чакырылган коноктор катышышты.
Милиция өз тарыхындагы аралыкта мамлекеттик бийликтин маанилүү колдоочусу болуп келген жана болуп келүүдө.

Кыргыз милициясынын кызматкерлери өз милдеттерин намыскөйлүк менен аткарышып, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, бейпилдигин сакташып, мыйзам менен тартипти коргошуп, өз өмүрлөрүн аябастан кылмыштулукка каршы туруп нечендеген кылмыштардын бетин ачышууда. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө алдыда туруп, жарандардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоодо, коомдук тартипти камсыздоодо жана алдыларына коюлган тапшырмаларды намыскөйлүк, жоопкерчилик менен тактыктуу аткарышууда. Милиция кызматкерлери мамлекетти, коомду жана жарандарды кылмыштуу иш-аракеттерден коргоо боюнча күнүмдүк иштерди ийгиликтүү чечишүүдө.

Милициянын күнүн майрамдоо жалпы элдик майрамга айланып, укуктук тартипти сактап, кылмыштардын бетин ачып, коопсуздукту камсыздагандарга уюмдардан, түзүмдөрдөн жана карапайым элдерден дагы көптөгөн куттуктоо каттары, телеграммалар келүүдө. Өзгөчө ыраазычылык сөздөр- Ата мекен алдында өз милдеттерин намыскөйлүк жана татыктуулук менен аткарышкан ички иштер органдарынын ардагерлерине арналмакчы. Азыркы учурда алар жаш кызматкерлерди тарбиялоодо баа жеткис салымдарын кошушууда. 1-ноябрда ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандардын бейпилдигин жана тартибин камсыздоо үчүн кылмыштуулук менен күрөшүп, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда эрдик менен курман болушкан кесиптештерин, жолдошторун ар дайым эскеришет.

Кыргыз милициясынын 94-жылдыгына арналган иш-чарада ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев куттукттоо сөздөрүн айтты.

рматтуу Ички иштер органдарынын кызматкерлери!
Ардактуу Ардагерлер жана жалпы кесиптештер!
Сиздерди алдыда келе жаткан 1-ноябрь Кыргыз милициясынын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Өзүңүздөр жакшы билгендей, Кыргыз милициясы алгачкы уюшулган күндөн тарта мамлекетибиздин ички коопсуздугун сактоо, карапайым калктын бейпил жашоосун камсыз кылуу үчүн кызмат өтөп келе жатат. Ошондуктан милициянын иш-аракети эч убакта жеңил болгон эмес, өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылууда, түн уйкудан калып кызмат кылган милиция кызматкерлеринин мээнети зор. Башканы айтпаганда да быйыл Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында калктын, меймандардын коопсуздугун сактоо үчүн 6 миңден ашуун милиция кызматкерлери күнү-түнү кызматта болушту. Ошол эле убакта Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде, Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата эл аралык форумдун өтүшүндө бир катар ири иш-чараларда коопсуздукка кепил болуп, элдин ишенимин актады.
Өзүңүздөр байкагандай, жыл өткөн сайын милиция аткара турган иштер арбып баратат. Себеби, кылмыштуулук азыркы күндө күч алып, эл аралык терроризм, диний экстремизм коркунучу да милиция кызматкерлерин мурдагыдан да кыраакы, кесипкөй болууга, эл менен тыгыз байланышта иштөөгө үндөп турат. Ошондой эле элдин көпчүлүгү милициянын ишине кайдыгер эмес. Себеби, милициянын кесиби жөнөкөй жарандарыбыздан баштап, мамлекеттик жооптуу жетекчилердин көз кырында турган өтө жооптуу жана түйшүктүү кызмат. Жарандардын башына кыйынчылык түшкөн учурда биринчи кезекте жардамга милицияны чакырып, ага ишеним артат. Бизди сындагандар да бар. Бирок, ошол сындан туура жыйынтык чыгарып, кемчиликтерди оңдоп, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана коомдук тартипти сактоодо таянарыбыз элибиз. Ошондуктан элдин ишениминен чыкпай, өлкө аймагында мыйзамдуулукту сактап, коопсуздукка кепил бололу.

Айта кетчү жагдай, Кыргызстандын милиция тармагы реформага муктаж экендиги айтылып келген менен алгылыктуу аракеттер солгун болуп жатканын моюнга алуу керек. Ошондуктан реформалык аракеттер уланат. Учурда ар бир кызматкердин алдында жооптуу тарыхый учур, тандоо турат. Келечекте республикабыз демократиялык принциптерде өнүгүшүнө салым кошуу милдети сиздердин колуңуздарда. Бүгүнкү күндө ар бирибиз биринчи кезекте өз элибизге, мамлекетибизге ак кызмат кылып, элдин ишеничин актайлы. Мен ишенем, ал ишеничти Сиздер толук актап, коопсуздукка кепил боло аласыздар!
Дагы бир жолу 1-ноябрь Кыргыз милициясынын уюшулган күнү, кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бирибиздин үйүбүздө бакубат жашоо болуп, балдардын күлкүсү жаңырып, өлкөбүз өнүгүп-өсүп, жергебизде тынчтык, ынтымак кенен тамыр алышын тилек кылып, ар бир милиция кызматкеринин дени сак, иши ийгиликтүү болсун деген каалоону билдирмекчимин”
Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагымбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, кесиптик майрам менен куттуктап, ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жарандардын тынчтыгы, коопсуздугунун кепилдиги көз карандыгы экендигин белгилеп, кызматтарын ак ниеттүүлүк жана жоопкерчиликтүү аткарып жатышкандары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан сыйлыктарды тапшырды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурору Өткүрбек Жамшитов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, Жогорку Кеңештин атайын өкүлдөрү, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, ИИМдин Генералдар клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаевдер куттуктоо жылуу сөздөрүн арнашып атайын сыйлыктары менен алдынкы кызматкерлерди сыйлашты.
Ошондой эле ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин буйругу менен кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыздоодо зор салымдарын кошушкан ички иштер органдарынын кызматкерлерине да түзүмдүк сыйлыктар тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чаранын жыйынтыгында ИИМдин кызматкерлери менен ардагерлерине арналган майрамдык концерт уюштурулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here