Байыркы Римдин философтору адамдын оорулары анын эмоциясы менен түз байланышта экенин аныкташкан. Иоганн-Христиан Гейнрот аттуу доктур 1818-жылы биринчилерден болуп “психосоматикалык” деген терминди киргизген. Адамдын кылган ишин борбордук нерв системасы аткарып жаткандыктан, бизде кандай оору болбосун баары борбордук нерв системасы аркылуу жөндөлөт. Эгерде ар ким өзүнүн ден соолугуна кам көргүсү келсе адегенде эмоцияны жөндөй билүүсү керек. Ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы такай өтүшүп кеткен стрессте жүргөн адамдарда көп кездешет. Псориаз, экзема, гипертоникалык оорулар да такай стрессте жүргөн адамдарда болот.

Айласы кетүү

Бир нерседен көӊүл калып, же ал маселени чече албай айласы кетип жаткан учурда адамдын омурткасына доо кетет. Ошондон улам грыжа, сколиоз, бүкүрөйүү жана бел омурткасынын нервдери бузулат. Андай адамдар инфекциялык ооруларга тез чалдыгып, өпкөсү ооруп, учуктар кетпей, бат суук тийгизип алып турушат. Ал эми андай эмоцияда көп убакыт жүргөн адамдарда жаман шишиктер да пайда болушу мүмкүн дешет эксперттер.

Ачуулануу

Тез-тезден ачууланып турган адамдардын көбүнчө бөйрөктөрү ооруйт. Алардын заара чыгуучу түтүкчөлөрү инфекцияга чалдыгат жана тери оорулары болгон дерматиттен башталган сөөлгө чейин оорушат. Ал эми өзүнө-өзү ачууланган адамдардын бетинен безетки кетпейт. Ошондуктан, өзүн-өзү сүйө билүү да чоӊ философия экенин айтышат.

Тынчсыздануу, коркуу

Мындай сезимдер кан басымды көтөрүп же түшүрүп жиберет дагы баш айланууну, тамактык кыстыгуусун чакырат. Такай сарсанаа болуп жүргөндөрдүн тиши, ичегилери жана көзү көп ооруйт. Уйкусуздук, мигрень, чачтын түшүүсү, тырышып калуу дагы катуу тынчсызданган адамдарда көп кездешет. Ал эми такай тынчсызданып жүргөн аялдардын айыз мөөнөтү узарып, репродуктивдүү функциясы бузулат.

Өкүнүү

Өкүнүүдөн улам жүрөк кан тамыр оорулары пайда болоорун көптөр биле бербесе керек. Анан дагы кан басымдын абдан төмөн түшүп кетүүсүн да дал ошол өкүнүү чакырат. Өкүнгөн адамдар ашказан оорулары панкреатит жана гастрит оорулары меен көп оорушат.

Таарынуу

Ички дүйнөнүн таарынычы онкологиялык оорулардын түздөн-түз себеби боло алат. Таарынчаак адамдарда толуп кетүү коркунучу көбүрөөк кездешет. Ошондуктан, арыктоону пландагандар таарынуудан арылсаӊыздар тез арыктайсыздар. Таарынчаактар ревматизм, артрит, грыжа, жада калса алкоголизм оорусуна чейин оорушат.

Депрессия

Депрессияга чалдыкккан адамдарда баш оору, боор жана ашказан оорулары көп кездешет.

Көз артуу

Бирөөнүн кылган ишине, кийген кийимине же дагы башка нерселерге көз артуу менен адамдар жүрөгүн кантип оорутуп алганын сезбей калышат. Натыйжада инфаркт же инсульт алып калышат. Фурункул жана дерматит оорулары да дал ушул көз артуудан келип чыгат.

Кызгануу

Кызганчаактардын нерв системасы бузулат, тырышып калышат, жүрөк оору, кан басымынын жогорулашы, зарна такай кыйнайт.

 Ишенбөөчүлүк

Өзүнө-өзү эӊ төмөнкү баа берип, өзүнө ишенбеген адамдарда эӊ биринчи эле моюн жагы ооруп баштайт. Андан сырткары баш айлануу, варикоздук веналардын жооноюшу, гормондордун бузулушуна алып келет.

Самара Саламатова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here