Бул каарманыбыз жаштайынан көп кыйынчылык көрүп, жогорку окуу жайда окумак түгүл мектепте билим албаптыр. Жалгыз бой эненин оор тагдырын угуп отуруп жашоосу үчүн күрөшкөнүнө сүйүнсөң, бир чети ишенчээктигинин курмандыгы болуп жатканына кейийсиң. — — Мен 1990-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун, менден кийин бир сиңдим жана иним бар. Апам атамдын экинчи турмушу болгондуктан, атамдын ата-эне, бир туугандары алардын никесин колдошпоптур. Экөө батирден-батирге көчүп-конуп жашап жүрүп бизди жарыкка алып келип, кыйынчылык менен өстүрүштү. Күндүн ысык-суугуна карабай өмүрүн тобокелге салып иштегенгеби, апамдын бөйрөгү ооруп турчу. Анысына деле кайыл болуп тытынып иштеп биздин курсагыбызды тойгузуунун аракетин көрчү. Ошентип өзүбүз эптеп күн көрүп жатканда апамдын бөйрөк оорусу күчөп кетип, апамды келбес сапарга жетелеп кете берди. Анда мен эне сүтү оозунан кете элек 13 гана жаштагы кыз элем. Тагдырдын жазмышын карабайсызбы, апамдын сөөгүн жерге бергенибизге араң үч күн болгондо атам кырсыкка кабылып, ошол эле жерден жан бериптир. Бардык кыйын күндөрдө бирин-бири колдоп, бири экинчисинин артынан калбай ар дайым ээрчишип жүргөн ата-энем тиги дүйнөгө да жетелешкен бойдон кете беришти. Кошул-ташыл келген оор күндөрдө сиңдим жана бир жашар иним менен мен калдым. Атамды да жерге берген соң үчөөбүздү таенем өзү менен кошо айылга алып кетти. Шаарда жашап, ата-энемдин көзү тирүүсүндө эле мектепте 4-класска дейре эле билим алгам. Андан кийин үстүмө киер кийимим же мектепке берчү каражатым жок болуп окуумду андан ары уланта албай калгам. Таенем деле айылга барганда үй жумуштарына эле салып, билимиме көңүл бурган жок. Күнүгө мектеп формасын кийип, чачыма ак бантик тагынып мектепке баруу, келечекте доктур болуу деген кыялдарым кыял бойдон кала берди. Таенемдин үйүндө беш баласы менен күйөөсү таштап кеткен таежем да жашачу эле. Ошол таежемдин бизге кылган мамилеси жаман болчу, кордуктун түрүн көрсөттү го, чиркин. Кичинекей экенибизге карабай базарлардан коробка тердиртип, мечиттердин алдына тургузуп кайыр суратканга чейин барган.

Кокус акча түшпөй же коробка чогулта албай калсак, урушуп үйдөн кубалап чыгып акча таап келүүбүздү талап кылчу. Ошондуктан үчөөбүз аба-ырайына карабай колубузга акча тиймейинче үйгө келчү эмеспиз. — Таенем менен таежемдин колунда жүргөнүбүзгө эки жыл болгондо мени өзүмдөн он үч жаш улуу жүрөгү оорукчан кошуна балага күйөөгө беришти. Күнүгө балдарына акча алып келип жаткан мени күйөөгө бергенде таежеме эмне пайда болмок эле? Азыр ойлоп көрсөм, анын көзүнө кайын журтум калың деп берген беш миң аябай көп акчадай көрүнгөн окшойт. Он беш жашымда башка үй-бүлөгө бүлө болуп, ысык-суугуна чыдап жашап кетүү оңойго турган жок. Анын үстүнө кайненем менин ал үйгө келин болуп барганыма, уулу тектүү жердин кызын албаганына нааразы эле. «Менин деле куда-сөөгүм менен отуруп чай ичким келген. Элдин бетин кантип карайм?» деген сөздөрүн басса-турса кайталагандан тажачу эмес. Ал эми жолдошум кээ бир учурларда апасынын сөзүнө кирип мени уруп койгону болбосо, калган күндөрү мага болгон мамилеси жакшы эле. Үйдүн ортончу баласы болгону менен өз алдынча жашап кетүүгө жооштук кылчу, бир сөз менен айтканда «апасынын баласы» болчу. Ошондуктан өзүнөн кичүү тыңыраак иниси өзүнчө бөлүнүп кетип, биз ата-энеси менен калганбыз. Кайнежем дагы кез-кезде келип мени уруштуруп кетчү. Ал үйдө мага боору ооруган жалгыз гана кайнатам болду. Ошентип жыл айланып, он алты жашымда өзүм бала болуп туруп биринчи наристемди төрөдүм. Төрөт үйүнөн келген күндөн тартып баланы кантип туура багуу керектигин үйрөтүп, мага каралашкан адам болбоду. Кээде туура эмес ороп, айрым учурда какатып-чакатып олтуруп баламды өзүм чоңойттум. Ушинтип өз алдынча тажрыйба топтоп жүрүп үч эркек баланы жарыкка алып келдим. Бирок баягы эле кайненем менен кайнежемдин мени басынтуусу токтогон жок. Тескерисинче кыштын чилдесинде балдарым менен кошо үйдөн кубалап чыккан күндөрү көп болду. Кайда бармак элем? Балдарымды атасыз калтырбайын деп оту менен кирип, күлү менен чыгып, кубаласа да жармашып жүрүп жети жыл жашадым. Үчүнчү балам жети айлык кезинде кезектеги кайненемдин сюрпризинин айынан үйдө жаңжал чыгып, жолдошум мени сокур тыйыны жок кубалап чыкканда мындан аркы жашоом уланбасына көзүм жетти.

Үч баламды алып, кайнатам аялынан катып берген миң сом менен шаарга келе бердим. Бир айдан соң жолдошум аркамдан келип, менин үйдө жоктугумдан пайдаланып улуу баламды алып кетип калыптыр. Балам ошол бойдон атасында, мен кээде гана телефон аркылуу кабарлашып турам. Чалган сайын: «Апа, батыраак сүйлөңүзчү, чоң апам урушат»,- дей берет. — Таенем мен бир балалуу болгондон кийин эле көз жумган. Сиңдим болсо турмушка чыгып кеткен. Шаарга келгенде баягы эле мага кордук көрсөткөн таежемдин үйүнө бардым. Күнү-түнү пол, идиш жуугуч, тейлөөчү болуп иштедим. Ажырашканыма үч жыл болгондо кафеде тейлөөчү болуп иштеп жүрүп мурда үйлөнө элек, өзүмдөн үч жаш улуу мырза менен таанышып калдым. Башымдан өткөн окуялардан кабардар кылып, балдарым бар экенин айтсам да, мени сүйөрүн айтып туруп алды. Бир чети ал сөздөрүнө ишенип, бир чети таежемдин жемесинен кутулуу үчүн ага турмушка чыгып алдым. Жарым жыл үй-бүлөлүк жашообуз тынч өттү. Инимди өз колума алып, бактылуу эле жашап жатканбыз. Андан кийин эле ата-энеси билип калып каршылык көрсөтүп башташты. Өзүнүн мени менен жашоого көңүлү болсо да туугандарынын ар кайсы сөздөрүнө кирип улам оюн өзгөртөт. Аларга деле карабастан келип-кетип жашап жүргөнүбүзгө беш жылдын жүзү болду. Ал арада бир кыз, бир уулдуу болдук. Кээде ай сайын, акчасы болгондо ар жума келип балдарына миң, эки миң сомдон таштап кетет. Чындыгында ал деле акча жаап турган жумушта иштебейт. Анысына деле мейли эле, бир жаңсыл болуп биз менен жашаса жакшы болмок. Балдарым атасын жакшы көрүшөт, буларды да ата мээриминен ажыраткым келбейт. Өзүм деле улам күйөөнүн санын көбөйтүп балдарымды ар кайсы эркектен төрөгүм келген эмес. Ошондуктан экинчи турмушумду сактап калгым келет. — Азыр балдарым11, 7,5,2 жашта. Бешинчи кызымды төрөгөнүмө бир жарым ай болду. Төрөлгөндө эле көпкөк болуп, үч күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Мунун себебин кош бойлуу учурумда сасык тумоо менен ооруганым менен байланыштырышты. Текшерүү учурунда кызымдын жүрөгүнүн эки жеринде тешик жана жип бар дешти. Аны толук текшерүүгө акча-тыйыным жок болуп, бүгүнү күнгө дейре ооруканага бара албай жатам. Ай-күнүмө жеткиче бала бакчалардын биринде пол жууп иштеп жүрдүм.

Ал балдардын курсагы менен кийимине араң жеткендиктен, беш айдан бери ай сайын беш миң сомдон берилчү батирдин акысын төлөй албай жатам. Үй ээси да түшүнүү менен кабыл алып унчукпай жатат. Бир күнү келип «үйүмдү бошот» десе кайда барам? Ар дайым төрөттөн кийин жакшы тыңыбай калганымдын кесепетин эми көрүп жатам. Акыркы жылдары эки бөйрөгүм ооруп келет. Тиштерим болсо түшүп калды. Негизи эле чоң көтөрөм, кызымда да аябай кыйналдым. Мамлекет тарабынан адамдар келип жөлөк пул алууга документ алып кетишкен, алиге чейин жыйынтык боло элек. Өзүмдө болсо жалгыз бой эне жөлөк пул алат деген түшүнүк кийинчерээк пайда болду. Нике күбөлүгүм жок алимент да ала албайм, биринчи жолдошум деле балдарына жардам бербейт. Иним да мектепте окуган эмес, жаштайынан ар кандай кара жумуштарда иштеп келе жатат. Азыр 16 жашка чыкты. Менин таянар, ишенер адамым бир боорум, бир тууганым. Күнүмдүк курсакты тойгузуунун айласын издеп азыр да жумуш издештирип кетти. Карыздарымдан кутулуп, кызымды чоңойтуп алсам эле өзүм мурдагыдай иштей берет элем.
Чолпонайга жардам берүүнү каалагандар редакцияга кайрылып, колдон келген жардамыңызды берсеңиздер болот.
Редакция: 0552 20 40 55
Чолпонай: 0703 85 09 95
Элсом электрондук капчыгы: 0554 84 85 25 АЙГЕРИМ ТОКТОБАЙ кызы

Булак:lady__kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here