Картошка адамзаты үчүн нан, суудан кийинки эле тамактардын катарында турат. Өзгөчө кыргыз эли нандан, эттен чанда эле танбаса,  дээрлик танбайт. Картошкадан да ошондой эле танбайт. Картошканы дыйкандарыбыз жыл  сайын улам арбытып айдап жатканын байкап келебиз. Бирок картошканын үрөнү, сорту баягы эле эски үрөн болуп, ошондон улам көп учурда алган түшүмүбүз майдараак жана сата келсек арзан болуп калат. Ал эми биздин каарман Оторов Курманбек Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз-Орус-Өзбек биргелешкен  «Үрөндүк картошка» ишканасын жетектеп, быйыл Кочкор жергесине  сорту башка үрөндүк картошка сээп, түшүмүн алыптыр. Курманбек мырза бизге өзү жетектеген  ишкананын ишмердүүлүгүн айтып берди.

Курманбек мырза, бул ишкананын Кыргызстанда түзүлүп калышы боюнча маалыматтарды айтып берсеңиз?

—Бул ишкананы орус ишкерлери менен бирдикте ачтык. Бул ишкана  Орусиянын “Картофельный ” союзунун, Өзбекстандагы азык холдингдин  жана Кыргызстандын ишкерлер союзунун келишими менен былтыр сентябрь айында Ташкент шаарында түзүлгөн. Кыргызстанга: пикассо, романа, латона (бул эки сорт кийин келди)  деген үрөндүк картошка айдоону максат кылдык. Булардын сорту супер элиталык жогорку класстагы репродукция болуп эсептелет. Ушул сорттогу картошкаларды Кыргызстанга эгүүнү максат кылып, бул багыттагы  эксперттер ылайыктуу жер издешти. Таластан, Ысык-Көлдөн да жерлерди карашты. Акырында Кочкор районунун  Дөң-Алыш айылын тандап алдык. Себеби, ал жер деңиз деңгээлинен 2500-2700  метр бийик, топурагын экспертизадан өткөрдүк. Топурагы талапка ылайык келди. Башка жактарда картошкага оору жугуу коркунучу катталды. Суусу да жакын экен. Ушундан улам  быйыл аталган айылдан  ижарага алынган  30 гектар жерге үрөндүк картошка айдадык.

—Түшүм кандай болду? Сиздер ойлогондой болдубу?

—Түшүм Кудайга шүгүр, жаман эмес. Ортодон жогору болду десек болот. Үрөндүк картошка да. Картошканын фракциясын өтө чоң кылуу максат эмес,  биз бул картошканы сатуу жана көбөйтүү жагын күчөтмөкчүбүз. Мисалы Голландиядан алынып келген үрөндүк картошканы Ысык-Көлдө 98 сомдон сатып жатышат. Биз болсо 65-70 сомдон сатабыз.  Албетте, сатып алып жегенге кымбат болуп калат. Каалоочулар үрөөнгө сатып алып, көбөйтүп алышса болот. Кыргызстандан тышкары, Өзбекстан, Россияга да сатыкка чыгарабыз. Акырындык менен Орто Азияны ушундай сапаттуу үрөн менен камсыз кылсак деген ниетибиз бар.

— Картошканы сактоо маселесин кандай чечтиңер?

—Ошондой эле бул айылга ЕврАзестин талабына ылайык келе турган картошка сактоочу жайды эски кырмандын ордуна  салдык. Ал кампабызга мүшөк менен сактасак 1500 тонна, эгер эндей сактай турган болсок 2000 тонна картошка батат. Желдетүүчү аппарат Москвадан алынып келди. Муздак, жылуу температура алмаштыруу ишин жана нымдуулукту көзөмөлдөө компьютер менен  жөнгө салынып турат. Андан тышкары, 12 адам такай эмгектенип турдук. Айылдан кыштоого бараткан 3-4 чакырым жолду оңдоп  3-4 көпүрө салдык. Ушул айылдагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебине да биздин Орусиядагы демөөрчү-өнөктөштөрүбүз  окуучуларга парта отургучу менен жардам берүү ниетин билдиришти. Кудай буйруса, айткан жардамын беришет.

Буйруса, бара-бара Кочкордо  мындай картошканы көп эгип,  үрөндүк чарбага айлантабыз. Кочкордон тышкары, Ак-Таала, Ат-Башы, Жумгал ж.б. райондорго  да айдоону максат кылып жатабыз. Быйыл 29-августта Айыл-чарба министрлигинин жардамы менен  ушул Дөң-Алыш айылында 4-5 өлкөнүн дыйкандары, ишкерлери катышкан (жалпы катышкандардын саны 320 адам) айыл –чарба азыктары боюнча форум-семинар өткөрдүк. Биз да өзүбүздүн Россиядан жана Туркиядан алынган  техникаларыбыздын түрүн көрсөтүп, иштөө ыкмабызды айттык. Айтор, быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылына биз да өз салымыбызды кошуп жатабыз десем жаӊылышпаймын. Сөзүмдүн соңунда  райондун акими Нурлан Керимкуловго, Талаа-Булак  айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошбек уулу Белекке, К. Мамбеталиев атындагы орто мектептин директору Султанова Эльвирага чоң ыраазычылык билдире кетейин.  Мындан тышкары  бизде иштеген адамдардын дагы эмгеги зор экенин баса белгилеп кетмекчимин.  Россиядан келген агроном-менеджер Королев Александр Владимирович, агроном-гидротехник Убалиев Садыбакас, чарба башчысы Кадыркул уулу Барылкан жана инженер-логист Чериков Арстанбекке да чоң  рахматыбызды айтабыз.

Суроо салган Айбек  ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here