Кичинекей кызга кирдин суусун ичирип, дубал сүздүргөн… Бул окуя эсиңиздеби?

2013-жылы 23-ноябрда Бишкек шаарында коомчулукту дүрбөлөңгө салып, үрөйдү учурган окуя катталган. Ал окуя баарыбыздын эсибизде. Дал ушул күнү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине 1 жаш 8 айлык наристе ур-токмокко алынып, эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Окуя тууралуу дарыгерлер милицияга билдирип, кичинекей кызды аёосуз сабаган 1978-жылкы Гүлмира Дубанаева аттуу шаар тургуну кармалган. Кийинчерээк бул аял кайнисинин 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызын төшөккө заара кылып койгондугу үчүн сабап, токмоктогонун айтып берген. Тергөөдө берген көрсөтмөсүндө Гүлмира Дубанаева кайнисинин кызын багып, карашып келгенин айткан. Бул учурда Мирананын ата-энеси шаардагы унаа жуучу жайларда машина жууп иштеп жүрүшчү. Гүлмира Дубанаева кайнисинин кызын өз балдарына кошуп карап үйдө отурган.

«Мирана дайым төшөккө заара кылчу. Тамак көп иччү. Ошол күнү мен аны түртүп жиберсем, жерге кулап кетти. Жолдошум менен турмуш-тиричиликтин айынан уруша кетип маанайым жок болчу. Мен ыйлап жаткан кызды алып дубал сүздүрдүм. Сийип койгон шымдарын жууп жатсам жаныма келди эле, кирдин суусун ичирип салдым», — деп көрсөтмө берген Дубанаева. Ошондой эле бул окуянын күбөлөрү да бар. Алар Мирананы жеңеси кыштын күнү кар жаап жатканда дагарага салып, муздак суу куюп эшикке чыгарып койгонун айтышкан.

«Мирана чарчап калган»
Бул окуядан кийин Мирананын апасы Бактыгүл Таштанбекова жолдошу экөө наристенин бутунан туруп, жашап кетишине колунан келген аракетин көрүп чуркап жүрүштү. Окуядан туура бир жыл өткөндөн кийин биз Бактыгүл Таштанбековага жолукканбыз. Анда ал экинчи наристесин күтүп жатканын, ооруканадан чыгарып келген кызы Мирана сүйлөй албай, баспай, кыймылдан калып шал болуп калганына күбө болгонбуз. Ал эми Мирананы ушул абалга алып келген жеңеси Гүлмира Дубанаева Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан 17 жылга эркинен ажыратылган. Таштанбекова кызын бир нече операциядан, терапиялардан жана укалоо, дарылоолордон өткөргөн. Ал тургай ага кайрымдуу адамдар каражат чогултушу үчүн банктан эсеп ачылган болчу. Мынча аракеттин баары таш капканын Бактыгүл Таштанбековага байланышканыбызда билдик. Кичинекей Мирана 4 жашында 2017-жылдын декабрь айында чарчап калган.

«Кызым кабыргамды кайыштырып бизди таштап кетти. Биз болгон аракетибизди жумшадык. Ошол күнү ооруканага Мирананы алып бара жаткам. Ал жакка жетпей эле жолдон кайтыш болду. Ошентип артка кайта бердим. Мындан кийин башыбызга көп кыйынчылыктар түштү. Мирана каза болгондон 3 айдан кийин кайненем да өтүп кетти. Биз Бишкектен Жалал-Абадга көчүп келе бердик. Өзүм көз жаргам, Миранадан кийинки кызым 4 жашта. Ал эми Мирананын каза болуп калгандыгы тууралуу кара кагазды сотко алып барып берген жокмун. Укканыма караганда, эгер кара кагазды сотко алып барып берсе, Дубанаева өмүр бою эркинен ажыратылат экен. Бирок мен аны Кудайга койдум», — деди Таштанбекова.

www.super.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here