Учурда урологиялык оорулар эркектер үчүн көптөгөн көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгы көпчүлүгүңүздөргө эле маалым болсо керек. Жакында биз жогорку категориядагы уролог дарыгер Бахтакунов Калдарбек менен атайын маек курган элек. Медицина тармагында 35 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Бахтарбек мырза маектин жүрүшүндө берилген ар бир сурообузга тартынбай ачык жооп бергендиктен, бул дарыгердин чындыгында эле өз ишин мыкты билген адис экендигин баамдадык.

-Калдарбек Кожоевич, алгач өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берсеңиз?
-Мен өзүм Жалал-Абад областынын Сузак районунан болом. Мектепти аяктагандан кийин ал кездеги борбор калаабыз Фрунзеге 1977-жылы келгем. Мединститутка окууга тапшырып өтпөй калгандан кийин медучилищада окуп жаткан учурда аскерге барып келген соң окуумду кайрадан уланттым. Бул орто окуу жайды ийгиликтүү аяктагандан кийин мединститутка окууга өттүм. Буга чейин алгачкы эмгек жолумду 1982-жылы эле баштагам. Демек медицина тармагында эмгектенип келе жатканыма быйыл 35 жыл болуп калган экен. Ал эми мединститутту аяктап иштегениме 25-26 жыл болуп калды. Анан тажрыйбалуу дарыгер катары жеке өзүмдүн медициналык борборумду ачканыма төрт жылдай убакыт болуп калды.
-Мунун себеби эмнеде?
-Себеби мен 57 жашка чыккыча өкмөткө иштегендиктен бизде тажрыйба топтолду да. Бул аралыкта дерматология, венерология, гинекология жаатында атайын медициналык билим алдым. Өкмөттүн карамагында иштесең чындыгында кысым болот экен. Өзүң каалагандай дарылап оорулууну дарылай албайсың. Анткени министрлик тараптан чектөөлөр болот экен. Оорулууну айыктырыш үчүн чектөөдөн чыгышың керек. Ошон үчүн Турцияга, Азербайджанга, Тибетке, Индияга барып билимимди өркүндөтүп келдим.

-Сиз уролог дарыгер катары 30 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип келе жаткан экенсиз. Деги эле бүгүнкү күндө жалпы урология жаатында ал-акыбал кандай?
— Урология боюнча айта турган болсок диагностика тарабы жакшырып келе жатат. Медициналык аппараттар жакшы болгондуктан бейтаптардын дарты учурунда аныкталып жатат. Диагностиканын күчтүү болгонуна байланыштуу оорулуулардын саны көбөйүп жатат окшойт. Урологиялык оорулар да жашарып жатат. Мисалы таш оорусу менен 40-50 жашка барганда оорушчу эле. Азыр 25 жаштан тартып эле бул дарт менен ооруп жатышат. Простатит оорусу болсо өтө жашарып келе жатат. Мисалы аденома менен эркектер 55-65 жашка чейинки аралыкта оорушса учурда 35-40 жаштын тегерегинде эле урологиялык жактан оорулар пайда болуп жатат. Анан тукумсуздук көбөйүүдө. Себеби кичине кезинде балдар-кыздар инфекциялык оорулар: паратит, свинка менен оорушуп убагында дарыланбагандыктан 25 жашка чыкканда эле тукумсуздукка кабылып жатышат. Эми кээ бир оорулар экологияга байланыштуу болот эмеспи. А бирок оорулардын келип чыгышы инфекцияларга да байланыштуу . Мындан тышкары Кытайдын жакшы сиңбеген тамак-аштары да себепкер болот.
-Сиздин медициналык борбор элге канчалык деңгээлде кызмат көрсөтүп жатат?
-Мен хирург дарыгер болгондуктан бейтаптар хирургиялык оорулар менен да кайрылышат. Күнүгө биздин клиникага болжол менен 30-40 адам кайрылат. Биз бул жерден бейтаптардын дартын аныктайбыз, анан лабораторияларга жөнөтөбүз. Бизде бейтаптарга операция кылганга шарт жок.

Негизинен бизде диагностика жагы күчтүү болуп жатат. Диагноз канчалык туура коюлса оору тез айыгат. Учурда бүгүнкү күндүн талабына ылайык 2016-жылы чыккан заманбап “Филиппис” деген медициналык аппаратыбыз бар. Баасы 36 миң доллар. Насыяга алганбыз. Мен жеке ишкер катары мамлекетке салык төлөп турам. Бул клиникада мен, келинчегим, өзүмдүн медакадемияда окуган уулум, анан өзүм тарбиялап жаткан шакиртим болуп төртөөбүз эле иштейбиз.
— Кыргызда уят деген нерсе биринчи орунда болуп келген да. Мурда аялбы, же эркек болобу уяттуу жерине байланышкан ооруларды дарыгерге айткандан тартынчу эмес беле. Бүгүнкү күндө ушул маселенин чечилүү жагы кандай болуп жатат?
-Эми уяттуу маселелердин ичинен “вагинизм” деген оору бар. Бул оору менен буга чейин бейтаптар врачтарга эч айта албай, айтса дагы врачтар дарылай албай келишкен экен. Мисалы, жубайлар баш кошуп беш жыл жашашып төшөктө кошула албаган учурлар кездешет. Бул аралыкта түгөйлөр өзүнүн кумарын өзү гана кандырып жүрчү экен. Бул ооруну кантип дарылоонун жаңы ыкмаларын биз иштеп чыктык. Биз бир топ жылдын аралыгында бул оорудан жабыр тарткан 15-20 түгөйлөрдү дарыладык. “Үч балалуу болгуча оргазм деген эмне экенин билбептирмин. Бул кандай болот? Муну кантип сезиш керек? Махабаттын туу чокусуна жетишет экен. Ушуну мен көрүшүм керек эле”,-деп кайрылган аялдар кездешет. Мурда мындай суроолор менен кайрылып келишчү эмес эле. Эркектер болсо өзүнүкү тез бүтүп калган көйгөй менен кайрылышат. Негизи мунун 3 мүнөттөн 7 мүнөткө чейинки нормасы бар. Демек эркектер бул нормадан ылдыйлаганда эле дарыгерге кайрылышы керек. Баардыгын өз нугуна салып потенцияны жогорулаткан дарылар бар.
-Эмесе эркектер жаш курагына байланыштуу аял менен канча жолу кошулуусу керек?
-Бул эми эркектердин жашына жараша болот. Күндө бир жолу болсо деле норма болуп эсептелет. Мисалы, 20 дан 60ка чейин өзүнүн нормалары бар. Эми ар кандай эркектер кездешет. “Бир түндө 5-6 жолу болдум” деп ашыра айткандар да болот. “Жада калса бир жумада бир жолку да жарабай калдым”-дегендер да болот. “Бир айда бир жолу эркектик милдетимди араң аткарып жатам” , –деп наалыгандар да кездешип жатат. Эмесе норма боюнча айта турган болсом, 20-30 жаштагылар күндө бир жолу болсо деле норма болуп эсептелет. Анан 30 менен 40тын ортосундагылар жумасына 3 жолу кошулса болот. Бул жерде рекорд көрсөтүштүн эч кереги жок. Анткени белок көп корогондуктан организм алсызданат. Ал эми 40тан 50 жашка чейинкилер бир жумада бир, же бир айда эки жолу эркектик милдетин аткарышса болот. Бирок таптакыр эле кошулбай калган болбойт. Мисалы, мага 60-70ке чыккан аксакалдар кайрылышат. Алардын арасында балалуу болгондору деле бар. Эми аларды айтпай эле коёюн.

-Сиз дарыгер катары илим менен да алек болуп жатасызбы?
-Мен мурда медицина илиминде өзүмдүн ишмердүүлүгүмө байланыштуу кандидаттыгымды жактайын деп клиникалык ординатураны бүткөндөн кийин №3-поликлиникага врач болуп кетип калдым. Ошол бойдон илим менен алектенбей калдым. Бирок өзүмдүн билимимди өркүндөтүү үчүн квалификацияны жогорулатуучу курстарга бардым.

Андан тышкары өзүмө өзүм демөөрчү болуп иш-тажрыйба алмашуу максатында чет өлкөлөргө чыгып жатам. Чынын айтканда илимий наамым жок. Эми элдин баары эле кандидат боло албайт да.

А мен өзүмдүн ишимди мыкты билген жогорку категориядагы врач катары өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келе жатам.
Маектешкен Абдил Ашыралиев