Азыр адам баласы  шашпай олтуруп алып ички дүйнөсүндөгүлөрдү алып чыгып, аларды талдап-тактап тыкыр анализден өткөзүп,  кеңешип, жакшы-жаманга бөлүп, ой токтотуп олтурууга убактысы жок. Көз ирмем сайын жаңылыгы бар учкан заман менен кошо өлөр-тирилерине карабай учуп баратат. Баарынан кызыгы, кайда учуп баратканын да билбейт, ыйыктыгы куюлган салттуу көрүнүштөр тебелендиде калып барат… Ошондон улам жосунсуз көрүнүштөр көбөйгөндөн көбөйөт… Кийинки мезгилде эл салтына коошпогон көрүнүштөр көбөйүп, анан «мындай кылбаш керек, андай кылбаш керек» деген тыюулар көп айтылып жатат. Бирок, аларды уккан жан жок, салтсыз окуялар, көрүнүштөр күчөгөндөн күчөйт. Элдин турмушу начар дейбиз. Жок, элдин турмушу начар эмес, пейили начар болуп жатат. Болбосо, элдин колундагы байлык оңой эмес көлөмдө. Ал эми жоон топ коррупционерлерди, чыдап туруп, эл санына кошуп карасак, анда элдин колунда эбегейсиз байлык болбойбу!

Мамлекеттин байлыгын  ар ким алына жараша, мүмкүндүгүнө жараша, эң негизгиси — шылуундугуна жараша… бөлүшүп алган эмес­пи. Маселен, Акаевдер, Бакиевдер, Жумагулов, Кулов, Үсөнов, Шеримкулов, Баекова, Танаев, Чудинов, Келдибеков, Сулайманов, Жапаров, Түлеев, Бекназаров… сыяктуу жүздөгөн жеп-жуткучтар.

Баам салыңыз, бүгүнкү күндө эмне деген гана шаан-шөкөттөр болуп жатат. Айталы, ачылып-чачылып той бергеничи. «Андай эпсиз чыгым болгон тойлорду токтотуш керек» деп да жатабыз. Антпеш керек экен. Каалаганы тоюн берсин, ачылсын, чачылсын, жалгыз ыштаны менен калсын. Малы жетпесе, куда-кудагыйын «чалып» жиберсин! Кимдин кандай иши бар?! Бирөө той берип, элден бата алгысы келет экен, экинчи бири атагын чыгаргысы келет экен, үчүнчү бири байлыгын көрсөтүш керек экен, төртүнчүсү куру намыс­ка алдырат экен, бешинчиси тойдон түшчү каражатты көздөйт экен… Тойдун болуп турганы жакшы. Жылдардын бир жылдарында бул обу жок көрүнүш да токтойт, тойдун эртеси да болот…

Биз, кийинки муун «шүмшүгү» жок тойлордун чет-бучкагын көрүп калдык. Той берген адам тойго ак эмгегинен табылган дүнүйөдөн коротчу, ошол тойду пайда табайын деп эмес, чын ниеттен бата алайын деп берчү. Тойго тандалбай чакырылгандар келип, улуулаша бирдей укукта конок болчу да… Азыр болсо, ар бир тойдун артында кандайдыр бир көздөгөн максат бар, бата алуу деген арткы планда калган. Тойго келгендер даражасына жараша сый көрөт, той ээси улуу-кичүүгө карабайт, кызматы менен байлыгына карайт…

Кийинки убакта «куран окутуу» дегени да чыгып, ал карандай эле акча топтоого айланды. Кайсы бир кызматкердин энеси же атасы, бир тууганы же кайындарынан ж.б. жакындары каза болсо, он-он беш күн өткөрүп туруп куран окутат. Арты эки жүз, алды 500-600 киши чакырат. Ана эмесе көрүп ал- акча дегениң күргүштөп агып кирет! Канчалык кызмат даражаң чоң болсо, ошончо көп киреше! Бул жосун да күчөгөндөн күчөйт… Кээ бир чоң кызматтагы немелер: «Ушул кызматта турганымда энем же атам өлүп берсе, сонун  болбойт беле…» деп ичинен самап да турат эмеспи!

Бүгүнкү күндө мамлекеттик маанидеги тойлор да байма-бай өтүп, мамлекеттин бюджетине, элдин чөнтөгүнө жакшы «кол салып» жаткан убагы. Бир датаны эптеп таап эле той өткөзмөй. Мындай убакта кыргыздын кыйындары, баа­тырлары толуп кетет экен. Ар бир коктунун өз акылмандары менен баатырлары бар болуп, алардын чоң, кичине жылдыктары өтүп жатканы. Ошол тойлордо элге кадимкидей эле салык салынып жатат: «боз үй тигесиң, тамак-ашыңды даярдайсың, коюңардан союсуңар…» деп. Кандай той өтсө да жылкылар ченемсиз союлуп жатат!

Бу Жараткан акылмандардын, баатырлардын көбүн кыргызга берип койгон турбайбы деп айла жоктон ойлойт экенсиң…

Мамалекеттик маанидеги тойлордо аны уюштурган жетекчилер бир жакшы тоюнуп алат…  

Баатырлардын, акылмандардын, бай-манаптардын түрдүү масштабдагы эскерүү тойлору менен бирге ошол адамдар жөнүндө ар кандай жанрдагы, көлөмдөгү, маанидеги китептер жазылып, жарык көрүп жатат. Алардын жакшы менен жаманын, пайдалуусу менен пайдасызын ажыраткан бир жан жок, китептин чыкканы гана эсеп болуп калды. Ал китептер тарыхый чындыкка таянбай, жазган адамдын жеке ой жүгүртүүсүнө, тереңи кем ой жүгүртүүсүнө, симпатиясы менен антипатиясына гана байланыштуу жаралып жатат. Мындай чыгарма, албетте, окуган элге чоң зыян гана кылат! Эгер окулса… Тактап айтсак, мындай китептер окулбайт. Демек, терс  таасир берүү коркунучу жокко эсе…

Дегеле, китеп чыгаруу маданияты бизде небак эле жок болгон. Кимде каражаты болсо, ошол «жазуучу» же «акын» болуп турган кези. Мейли, чыгарсын. Деле кагаз-пагаз түгөнгөнчө чыгарсын. Кагаз түгөнсө,  кайыңдын кабыгына, койдун терисине жазсын… маа демектен ташка чексин! Бул, обу жок китеп чыгаруу модасы да бир жылдары калат эмеспи!

Жазуучулар менен акындар көбөйсө элге анча зыяны деле жок. Алар жазган китепти окугула деп кыйнаган жок, колуңа тийсе,  нары ыргытып койгон оңой эле нерсе. Ал эми акылдуулардын көп чыга башташы элге аябай зыян экен. Биздин элден акылдуу­лар, эл башкарам дегендер көп чыгып жаткан процесс да күчүндө. Ага деле мейли дейли. Баары бирден кызматка туруп алсын, баары бирден депутат болуп алсын… Жылдардын бир жылдарында тандалып берер…

Ал аңгыча депутат болом дегендер, бир креслону ээлеп олтурам дегендер эпсиз көп болуп кетти. Ал жакшы. Бирок, ошолордун дээрлик көбүнүн акылы тайкы, билими начар болуп жатпайбы. Алардын куру дымагы гана алдыңкы орунда. Анан куру дымак менен иштеген адамдан барынан жогу эмеспи. Анткени, ал адам жүздөгөн адамдын айласын кетирет, тапшырылган ишти оңкодон саят ж.б.

Азыр биздин кенедей мамлекеттин биринен бири өткөн «чыгаандары» көп экен, жүздөгөн ошондойлор министр, губернатор, аким, айыл өмөтү, деректир, начальник, койчу деги, мен деген кызматтардын баарына бир сыйрадан иштеп кетишти, иштеп жатышат. Эркиндик алдык дегенден бери эле Премьер-министрден 29у болуптур! Кокуй, муну киши укпасын! Кадимки эле конвейер! Ошондон улам ишибиз жакшы оңолбой, карызыбыз төрт миллиардды чапчып турбайбы! Ии, анан кенедей мамлекетибизди килейген коррупция басып албайбы, наалаты!

…Депутаттык корпусту алалы. Он, он беш депутатты кошпогондо ал жерге өңчөй эле жөнсүздөр чогулуп алган: байлыктын артынан куугандар, популисттер, карьеристтер, дагы далай тескери «…исттер», коррупционерлер толуп алган. Алар толгон акчаны айлык, сыйлык катары алат, ишке көңүлү чаппаса келбей да коөт, оюна келгенди оттойт, Өкмөттөгү пайдалуу адамдарга шыйпактап турат… Эми ал жакты айткан менен майнап жок, жеп-ичип, сийип-чычып жата берсин да… Анан бул «иштен» жадагандар чыкпайт го?! Элдин акыны Шайлообек Кыялбек менен айтышында минтип жатпайбы: «Эгер Кудай бийлик берсе болмокмун, Парламент дегениңди жоймокмун! Мыктысынан юристин онду таап, «Мыйзам жаз!» деп олтургузуп коймокмун!» Мыкты кеп, мыкты маани!  Ошентсек, сонун гана болбойт беле, атаганат! Кези менен «бийликтии үстүнөн карап туруш үчүн Шайлообекти шайлап койсо» деген ой-тилек мага келе берет…

Баратбай Аракеев

булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here