Балаңыз сабактан төрт алып келди же мектептеги жарыштан экинчиликке ээ болду. Ал эми сиз эмнегедир ыраазы болбой, “Жакшы, бирок тигинин баласы күн сайын беш алат экен” дедиңиз. Анда сиз — нарцисс – ата-энесиз!

Адатта мындай ата-энелер өз максаттарына жетүү үчүн баланы ар түрдүү жолдор менен манипуляция кылат. Алар балдарына боор ооруп, кайгысын тең бөлүшө албайт, бирок, эксплуатация кылып, басынтканды жакшы билишет.

“Аның мактанаарлык деле нерсе эмес, эгерде олимпиададан бирди алсаң башкача болмок…”

Нарцисс – ата-энелер баласын  келечекте юрист катары көрсө, анын таланттуу сүрөтчү экенин эске алышпайт. Мындай учурда бала кандай болсо, ошондой болуп ата-энесине жакпай турганын түшүнөт. Ал ата-энесинин сүйүүсүнө татыктуу болгусу келип,  алардын каалаган образын түзө баштайт.

Баланын жетишкендиктери ата-энесине жакпаса, анда алар ошол замат  сындап, башкалар менен салыштырып, көрмөксөн болуп, аларды капа кылгандыгын айта башташат.

Бала өзүн күнөөлүү сезип, эмне гана болбосун ата-энесине жагууга аракеттенет. Эң кызыгы, эгерде бала ата-эне койгон максатка жетсе, ага жаңы максат коюлуп, мурунку ийгиликтери жокко чыгарылат, башкача айтканда: “бул мактанаарлык нерсе эмес, эгерде олимпиададан бирди алсаң башкача болмок…”

  1. “Эмнелерди эле ойлоп чыгып жатасың! Андай болгон эмес”

Бул газлайтинг деп аталат — эмоционалдык зомбулук, манипулятор курмандыгына кырдаалга болгон анын кабылдоосу так жана туура эмес экенин айтат. Мунун негизги максаты – адамды өзүнө кем акыл кылып көрсөтүү.

Нарцисс – ата-эне көп учурда баланын сезимдерин сынга алат. Адатта бул сөздөрдү колдонушат:  “Сен түрткү бердиң”, “Сен баарын апыртасың”, «Мен эч качан андай дебедим,  “Мындай болгон эмес» жана башка. Натыйжада, бала өзүнөн-өзү күмөн санай  баштайт, бойго жеткенде өзүнө жана абалга болгон кабылдоосуна ишенбей калат.

  1. “Апаңды ойлосоң боло! Ал муну укса…”

Дени сак ата-эне менен баланын мамилелери балага  туруктуулук жана коопсуздук сезимин берет. Ал эми нормалдуу эмес мамиле – чагымчылдыкка  толгон. Нарцисс- ата-энелер үчүнчү тараптын пикири аркылуу өзүнүн айтканын далилдеп жана көзөмөл кылууну каалайт. Мындайча айтканда, манипулация аркылуу баланын туура эмес кылып жатканын айтып, өзүнөн жана сезимдеринен шек санатат. Мисалы, “чоң энең бул жоругуңду угуп, шок болуп калды”, “мындай кылганыңды көргөн атаң, сени бала кылбай коёт” жана башка.

  1. “Сен мындан да жакшы кыла алмаксың”

Бала жаман нерсе кылбаса дагы, нарцисс-ата-энесинин мактоосуна татыктуу болууга аракет кылат. Нарцисс ата-эненин башкаларга боору оорубайт, ага жеткирүүгө аракет кылуунун пайдасы жок.

Ата-энең нарцисс болсо эмне кылуу керек?

Жаш балдар ата-энесине каршы чыга алышпайт. Өспүрүмдөр жана чоңдор абалды өзгөртүүгө аракет кылып көрсө болот, бирок, абдан кыйын экенин эске алуу керек.

  • Бойго жетип, өз алдынча жашоого мүмкүнчүлүк болсо, бөлүнүп кетиңиз.
  • Ата-энеңизден бөлүнүп кетүүгө азырынча шартыңыз жок болсо, алардын айткандарынын баарына ишене бербеңиз.
  • Газлайтингге жана сизди жокко чыгаруу аракеттерине мүмкүнчүлүк бербеңиз.
  • Талашып-тартышып, аларды ишендирүүгө убара болбой эле коюңуз.
  • Айткандарына макул болуп, кулак сыртанан өткөрүңүз.
  • Өзүңүздүн чек араңызга эч кимди өткөрбөңүз.
  • Булак: /bilesinbi.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here