Коӊурат уруусу  жөнүндө алгачкы маалымат Кытай саякатчысы Чжан Цяндын( б.з.ч.  138-126-жж Ысык-Көлгө , Ферганага келген)илимий баянында, кийин Хундардын башчысы-Шанюй Чжи Чжи Борбордук Азияны ээлегенде болгон окуяларды баяндаган  «Цянь хан шу»ж.б.Кытай жазма булактарында баяндалат(б.з.ч. 49-47жж Орто Азияга келген)

Кытай булактарында Борбордук Азияда баккан жылкылардын өӊү-түсү менен аталган эл Коӊураттар деп жазылган(Конурат,  Конрат,Конират,Унгират,Хонгират).Коӊур деген кула,чаар,ала деген маанини түшүндүрөт.Орусча Савралый,пегий,пестрый ,пятнистый,гнедой.Кытай жазмасында ар заманда  ар кандай жазылган «Бома Ала,Хела,Канизюй,Кангюй,Кангха,Кангдиз».

Коӊураттар Борбордук Азияда Кыргыз мамлекетининин «Цзянькунь-Гянькунь-Кибу,Кегу-хягяс» жанында ,түндүк -батыш жагында Сыр Дарыянын боюнда,Арал деӊизине жакын жайгашкан.Коӊураттарга Давань(Фергана)мамлекети баш ийген.Коӊураттардын борбору Самаркандын жанындагы Кеш,кийинки аты Шахрисябз шаары болгон.

V- кылымда 19 уруу Коӊураттардын бийи Сарыбай  нойон, Ыраазы деген кызын кыргыз ханы Ороздун уулу Оторго күйөөгө берип,12 уруу огуздарды бириктирип, Оторду хан  көтөрөт. 8-кылымга чейин кыргыз мамлекети гүлдөп, коӊурат кыргыздар менен биригип бир эл болуп калган.Буга далил «Оторкан»дастаны. 8 -кылымда арабдар Орто Азияга басып кирип Ислам динин тарата баштаганда кыргыздар,коӊураттар  Алтайга көчүп кетишкен. Коӊураттын  көп уруктары Монголиянын чыгыш бөлүгүндөгү Кулун Байыр көлүнүн жанында өз алдынча мамлекет курушкан.

Даӊазалуу жаангер Чынгыз хандын энеси ОУЛЕН ,аялы БОРТЕ коӊурат уруусунан. Чынгызхандын жортуулдарында коӊурат уруусу өзүнчө түмөн болушкан, Орто Азия, Кытай, Иран, Индостанды алууга катышкан. Коӊурат кошундары Чынгызхандын, Батыйдын, Тамерландын кошундары менен бирге көп өлкөлөрдү каратууга жетишкен.

14-кылымда коӊураттар найман, кереттер менен бирге  Алтайдан келишип Ак Ордонун(Орто жүз) калкын түзүшкөн.

15-кылымда    коӊураттар  кыпчак,аргын уруулары менен казак султандары Керей, Жаныбек Жети-Сууга келишип ,казак хандыгын түзүшкөн.

1723-1725-жылдары калмак ханы Цеван-Рабдан казак-кыргыз жерине чоӊ жортуул жасагандыктан казак –кыргыздар Самарканд,Гисар,Көлөп,Памир,Тогуз- Торо,Алайга оогон. Оогон Коӊурат  уруулары Ош областынын Алай,Кара-Кулжа,Кара Суу райондорунда жашашат.

1763-1873-жылдары коӊураттар  Хива хандыгын бир кылымдан ашык башкарган.

1760 -жылдары  Текесте, Жети -Сууда,Иледе жашаган коӊураттарды  Бөрү баатыр чогултуп Ысык-Көлгө көчүрүп келген. Ысык-Көлдү башкарган бугу  уруусунун бийи Белек коӊураттарга Кой-Сарыдан Көк -Жайык жайлоосуна чейин , Жети-Өгүз ,Ырдык өзөндөрүнүн ортосун энчилеп берген.

19-кылымда кыргыз элин сырткы душмандардан коргоого коӊураттан эр жүрөк баатырлар: Чалма ,Атабай ,Энтери, Керимбай, Барак  баатырлар ,Айтубар чечен чыккан. 20-кылымда маданий ишмерлер: Заманчы акын Алдаш Молдо, окумуштуу санжырачы Талып Молдо, фантаст, биринчи балдар жазуучусу Кусейин Эсенкожоев, советтик окумуштуулар академиктер Абдулхай Алдашев, Алмаз Алдашев, профессор Айгул Алдашева, А.Тыныбеков, манас жыйноочу акын Ыбрай Абдырахманов,режиссёр Жалил Абдыкадыров, композитор Чанай Жумаканов, Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеӊешинин депутаттары Ажыбай , Жыргалбек Калмаматов, жазуучу Баратбай Аракеев ж.б.

Санжыра жана жазма булактардан жыйнаган тарых иликтөөчү Канимет Жакыпбеков, Каракол шаары.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here