Ушул жылдын 16-июнь күнү Москвада жол кырсыгына кабылып,жөө жүргүнчүлөрдү кокустан сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулу Россия федерациясынын кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү ( Жол эрежесин бузуу жана байкабастан транспорт каражаты менен адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү) менен иш козголуп, Москва шаарынын Тверск соту 1 жыл 6 айга кара жумушка кесүү менен,айлык маянасынан 15% кармалып, 3 жылга чейин авто унаа айдоо укугунан ажыратты.

Чыңгыз Анарбек уулу кырсыкка кабылганда жакындан кол сунган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабековго, Москвадагы кыргыз элчилигине, диаспора өкүлдүрөнүнө, мигрант замандаштарга жана жардамга колун сунган активисттерге “ Замандаш” саясий партиясынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here