Маркум Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл көз жарып, уул төрөдү. Бул жаӊылыкка кубанбаган кыргыз жок болсо керек.  Учурда көпчүлүк Сапаргүл менен анын наристесине ден-соолук каалап, бата берип жатат. Ылайы ак бата кабыл болсун дейли. Экс-президент Роза Отунбаева башкалардан айырмаланып,  эне-балага барып, алардын ахыбалынан кабар алды. Роза айым мына ушундай күйүмдүүлүгү менен баарыбызга үлгү болуп келет. Эске сала кетсек, ал Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө фондун түзүп, ага 1 миллион сом которгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here