Мындай маалыматтарга акыркы убактарда кайдыгер карап, көнүп деле калдык окшойт. себеби, Түркияда иштеп жүрүшкөн кырыгз кыздарыбыздын бир тобу жаман жолго түшүп кеткени баарыбызга маалым. Кезектеги маалымат да дал ушул маселе тууралуу.  Түркиянын Трабзон шаарында мейманкана, кафе жана ресторандарды текшерүү учурунда 63 чет өлкөлүк жаран сойкулукка шектелип кармалганын чет элдик ЖМКлар жазып чыкты. 63 кыз теӊ Түркияга  КМШ мамлекеттеринин келишкен.  Алардын:  19 азербайжан, 14 өзбек, 10 орус, 7 украин, 6 грузин, 5 кыргыз, 1 тажик жана 1 молдовалык кыз.  Сойкулукка шектелгендер  Түркиянын Коомдук коопсуздук бюросуна жеткирилип, сурак беришкен соӊ,  61 кыз мекенине жөнөтүлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here