Кечээ түнү Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов  дүйнө салды. Белгилүү болгондой ал көптөн бери  ооруп жүргөн. Чет өлкөдөн да кыйла дарыланып келген. Маркум Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган.  Кыргыз мамлекеттик университетин журналист адистигин бүтүргөн. Эмгек жолун 1981-жылдары республикалык басылмаларда баштап, кийин «Би-Би-Си», «Азаттык», ЭлТР, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.

Акыркы кезде президенттик аппаратта кеңешчи болуп иштеп турган. Өткөн жылдын ноябрь айында министр болуп дайындалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here