Кыргызстандык  режиссер Жибек Абдуллабаеванын «Аялдын дүйнөсү» тасмасы «Түрк дүйнөсү» даректүү тасмалар фестивалында экинчи орунду ээледи.  Студенттер категориясында байгеге жеткен «Аялдын дүйнөсү» фильминде, кыргыз аялдын кызын турмушка узатып жаткандагы ой-толгоосу, тилеги камтылган.

Ал эми биринчи орунга түркиялык жаш режиссер Харун Көйбашынын «Сен адамсыңбы?» деген тасмасы татыктуу деп табылды.

«Түрк дүйнөсү» даректүү тасмалар фестивалы бул жылы үчүнчү ирет уюштурулуп 8 өлкөдөн 140 фильм ат салышкан

Фестиваль 6-октябрда Стамбул шаарында өттү.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here