Чынын айтсак ушу Акылбек Жапаров жөнүндө жазгыбыз деле келбей кал­ган, мага демектен турсийин башына кийип алса дагы. Башында анын мо­ралдык-нравалык кылык жоруктарын, ичип-жегенин жакшы эле жаздык. Бир күнү болбосо бир күнү акылдуусунган Акылбектин бийликте отургандагы мыйзамсыз аракеттерин мамлекеттин тийиштүү органдары чукуп чыгып, тал­пагын ташка жайаар деп ал жандык тууралуу унутуп деле салганбыз. (ан­сыз деле калган маалымат каражатта­ры да Жапаровдун жакшы эмес жаман жагы көп экенин көп жолу коомчулук­ка ачып беришти.) Кайрадан ал Жапа­ров жөнүндө унчуканыбыз, шейшемби күнү болуп өткөн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында такыр эле чектен чыгып кеткендей божураганы кайра ал тууралуу жазууга аргасыздан мажбур кылды.

Ошол күнү эртең менен ЖКнын улуу трибунасына чыгып алып Улуттук стратегия жөнүндө акылдуусунуп атка­нын деле көрүп, «а-аа, баягы турбай­бы» деп тим болгонбуз. Анан Жогорку Кеңештин түштөн кийин уланган жал­пы жыйынында КР вице-премьер-ми­нистри Алтынай Өмүрбекова баштаган тишелүү министрликтердин жетекчи­лери Кыргыз Республикасындагы би­лим берүү, саламаттыкты сактоо, со­циалдык коргоо жана спорт жаатында балдардын укуктарынын корголушу тууралуу “өкмөттүк саат” болду.

Анда, айрым жерлерде жөлөк пулдарды ак­чалуулар сатып алып, акчасыздар ти­ешелүү документтерди топтой албай, жөлөк пулун алалбай калып жаткан фактылар бар экенин депутаттар Кара­мат Орозова менен Аида Касымалиева сыяктуу эл өкүлдөрү өкмөттөн келген­дерге ташка тамга баскандай эле тасты­ктап берип жаткан. Бир учурда Акыл­бек Жапаровдун микрофону күйүп, бал­дардын укугун өтө эле коргогон киши­дей болуп сүйлөп, анысы курусун, ошол ыйык трибунадан элди ачыктан ачык бай менен кедейге бөлүп кирбедиби. Аныз деле Кыргызстанда карапайым элдердин көпчүлүгү бийликтегилерге (өзгөчө «120ларга») нааразы сезимде­ри оргуп турганда Жапаровдун бүтүн­дөй элди бай менен кедей-кембагалга бөлгөн «кемсинтүүсүн» угуп унчукпай тура албадык. Депутаттык этика эле эмес, жалпы атка минерлердин функ­циясында да андай ээн-ооз көпкөндүк сөз айтылбаш керек эле. Тем более эл өкүлүнүн оозунан.

Бирок, депутаттар­дын арасында деле эркектерге караганда намыскөй кыздарыбыз бар экен. Жапа­ровдун ошол сөзүнөн кийин Аида Ка­сымалиева дароо микрофонго чыгып Акылбек Жапаровдун анык жүзүн ачып салгандай эле болду. «Сиз бул жерде эл­ди бай, кедей деп бөлбөңүз, дагы да бал­дарга боор тарткандай сүйлөп коёсуз. Керек болсо ошол балдардын укугу туу­расында мыйзам долбоору комитетте каралып жатканда сиз биринчилерден болуп каршы чыккансыз» деди. Акыл­бектин дарегине карата андан да катуу сөздөр чыгып кетет беле ким билет, так ошол учурда Жапаровдун багына жара­ша депутаттардын иштөө убактысы да соңуна чыгып калбаганда. Касымали­еванын Жапаровко карата айтылган ачуу сынынан кийин жыйынга төрага­лык кылып жаткан вице-спикер Мир­лан Бакиров да ошо замат шаша-буша эмки жыйынга чейин танапис жарыя­лап жибербегенде.

Булак: «Айгай»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here