Кыргызстанда жыл башынан бери кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 429га жетти. Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, ооруну жуктургандар көбүнчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын “Азаттык” радиосуна кабарлашынча, Кыргызстанга кызылчага каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 30 миң доза вакцина алынды.

— Ооругандардын көбү, 45% эмделбеген, бир жашка чейинки ымыркайлар болуп жатат. 5-6 жашка чейинки бир дозасын алган балдар ооруп жатат. Чоңдор арасында жана мектеп окуучулар арасында жок. Азыр бир жашка чейинки балдар сасык тумоо болсо үйундө кармап дарылабай, ооруканага алып барып жатышат. Ал жактан аба аркылуу кызылча жугуп жатат.

Ишанапысованын белгилешинче, ушул тапта Республикалык жугуштуу оорулар клиникасында 14 бала дарыланууда.

Буга чейин айрым ата-энелер сасык тумоо менен ооруканага жатып кызылча жугузуп алышканын айтып «Азаттык» радиосуна кайрылышкан.

Ишенапысова 2017-жылдын декабрь айында кызылча оорусу Орусиядан келген мигранттардын балдарынан башталып, азыр аны жугузуп алгандар арбып бара жатканын белгиледи.

2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун киши ооруган

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here