«Ата Мекендин» депутаты теги дунган Бахадыр Сулеймановдун кош жарандуулук маселесин Башкы прокуратура текшерип жатканы белгилүү болду. Ал бул тууралуу суроону Акыйкатчы шайланып жаткан учурда Токон Мамытовго узатып, аны жалган маалымат таратып жатат деп күнөөлөгөн. Мамытов өз кезегинде «Сиз чет өлкөнүн жараны экендигиңиз тууралуу материалдар менде бар» деп айткан.

Сулейманов  Казакстандын Жамбул облусунда туулган. Ал Мамлекеттик  Материалдык резервдер жана сатып алуулар боюнча фондду жетектеп, коррупциялык ишке айыптуу делип ЖМКларда көп жазылат

2001–2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары, 2003-жылы болсо аталган комиссиянын төрагасы болуп дайындалган. Мына ушул мекемени башкарып турганда анын артынан коррупцияга байланыштуу көп сөздөр ээрчип, аны эл эмдигиче жоопко тартыла элек  “коррупционер” катары кабылдап келет.

Ал Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резевдер комиссиясын башкарып турганда ал кездеги Акаев бийлигинин эӊ ишенимдүү адамы Ташкул Керексизовдун кол баласы болгондугу, анын айткандарын таптак аткарып тургандыгы боюнча маалыматтар ЖМКларга байма-бай чыгып келет. Кийин Акаев бийликтен кетип, Бакиев бийликке келгенде, Сулейманов кызматта иштеп, “тиштеп” жүрүп тапкандарын-алгандарын  аздыр-көптүр кусууга мажбур болгон. Мисалы, аны Максим Бакиев өзүнө чакырып, бир түндүн ичинде 270 миӊ сом кустурганы боюнча маалыматтар гезиттерге жазылган. Андан кийин, Финполиция Сулейманов жетекчилик кылып турган мекемени текшерип, мамлекетке 110 миллион сом зыян болгону боюнча далилдерди таап чыккан. Бул бир эле мисал.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here