Өлкөбүздөгү динге агылышкан көпчүлүк катмарга “динбезерлер” эмнеге жаалы кайнап, жактырбай келишет? Алакандай жергебизде диний коопсуздук канчалык деңгээлде корголгон? Чала молдокелер бул жааттагы саясатты ырааттуу жүргүзө албай жатышабы? Түйүндүү соболдорду дасыккан билимдүү адис Нуржигит Кадырбеков чечмелеп берди. 

— Нуржигит мырза, жакында болгон борбордук мечиттин расмий ачылышында кыргыз-түрк өлкөлөрүнүн үлкөндөрүнүн ортосунда сиз жетектеген “Ыйман” фондунун иши тууралуу да сөз болгону маалым болду. Сыр болбосо эки өлкөнүн кожоюндарынын ооздорунан кандай кеп-сөздөр чыкты?

— Мамлекет башчыбыз өз сөзүндө имамдардын илим-билимин көтөрүүдөгү фонддун өзгөчө орду тууралуу белгилеп кетти. Муфтият жана мамлекеттик дин комиссиясы менен бирге кылган бул жумушубузду президенттин жогору баалаганы, албетте, жагымдуу болду. 2015-жылдын август айынан бери өлкөбүздөгү 2300дөй имамды эки кайталап окуттук, азыр үчүнчү айлампа баратат. Ар бир жолкусунда окуу программасын, китептерин тыкыр талдап, кайрадан иштеп, өнүктүрүп жатабыз. Куран, хадис, фикх, акыйда менен кошо риторика, маалымат технологиясы, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, имамдардын этикасы, аялдардын укугу, улуттук маданият ж.б. сыяктуу сабактар да окутулуп келет. Окутуучулардын да имамдардын элегинен, сынынан өткөндөрүн калтырдык. Илими жок ибадатчыл деле илимдүү ыймансыз сыяктуу коом үчүн опурталдуу. Ошондуктан, бул ишти такыр токтотпоо керек. Имамдарды окууга кызыктыруу үчүн Түркия берген гранттын эсебинен ай сайын стипендия берип келдик. Ага айына 12 миллион сомго чейин кетип жатты.

— Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтү учурунда сиз башында турган “Ыйман” фондун негиздеп, ири каражаттарды чет өлкөдөн тарткан эле. Азыркы президентибиз Алмазбек Шаршеновичке караганда такыба, намаз окуган инсан экенин эске алганда, алдыда “Ыйман” фондуна ири каражаттарды тартып, ишиңерди мындан ары да илгерилетерине ишенсек болобу?

— Алмазбек Шаршеновичке рахмат. Чынында, фонддун иштешине шарт түзүп, каражат таап берди. Чоң ишеним артып, руханий-интеллектуалдык долбоорлорубузга колдоо көрсөттү. Сооронбай Шарипович да буюрса фондду чын дилден сүрөп жатат. Атайын чакырып абалыбызды сурап, аппаратынын тышкы саясатты тейлеген кызматкерлерине фонд үчүн инвестиция тартууну тапшырды. Президент Эрдоган келгенде фондго убада кылынган транштын калганын берүү маселеси талкуулады. Буюрса, жыйынтыктар жакшы болот. Имамдарды окутуу, китеп чыгаруу, фильм тартуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү, жаштарды адепке чакыруу, жоокерлерге семинар өтүү, региондорго интеллектуалдык инвестиция салуу долбоорлорун дагы күчөтүү аба менен суудай керек.

— Кудайдын кулагы сүйүнсүн, өлкөбүздө бир дагы саясый топ топтой албагандай чоң күч ислам динин тутунган мусулмандар экени, бул жагы жакында ачылган борбордук мечиттин ачылышында дагы бир жолу тастыкталды. Мындай көрүнүштү кооптуу катары санагандарга билимдүү инсан катары оюңуз кандай?

— Ар бир аң-сезимдүү адам жашоону маңызы тууралуу ойлонот. Бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу болууга жол издейт. Канчалар байлыктан, бийликтен, оюн-зооктон, кылмыш дүйнөсүнөн, атак-даңктан, философиядан таппаган руханий бейпилдикти балким, Жаратканга жакындоодон таап жатышат. Дин тутунгандардын көбөйгөнүнүн себеби ушунда го. Бирок, дин деген намаз окуу, орозо тутуу, ажыга баруу, зикир кылуу сыяктуу ибадаттан эле турбайт. Илим-билимге, адепке, мыкты кулк-мүнөздү тарбиялоого өзгөчө орун берилет. “Акыретте таразадагы эң оор жакшы амал – бул жакшы кулк-мүнөз” делет эмеспи. Ошого “Адеп державасын курабыз!” деген ураан менен күн сайын “түкүрбө, сөгүнбө, ыргытпа” деп адамдарды жакшылыкка чакыруу маданиятын таркатуу аракетиндебиз. Канчалаган жаштар, чиновниктер, илимпоздор, спортчулар, журналисттер, алтургай Жамал Сейдакматова сыяктуу маданият корифейлери бул демилгеге кошулуп, колдоп келишет.

— Жакында ушул эле баш калаабызда автоунаасынын айнегине шектүү кара байрактарды илип алышкан эргулдардын иши белгилүү болду. Мунун өзү өлкөбүздүн коопсуздугу канчалык деңгээлде корголгонунан кабар бербейби?

— Аттиң, динди адамдар өзүбүздүн айтылуу аалымдардан эле эмес, интернеттен да үйрөнүп жатышат. Интернет деген таштанды үкөгү сыяктуу, ага жаманды ыргытасыңбы же жакшыныбы, кайра чыга берет. Кошунадан уккан ушакты акыркы чындыктай элге жайганга маш ишенчээк элбиз. Ошого интернеттеги исламды жамынган кара күчтөрдүн идеологиялык торуна түшкөндөр арабызда көбөйүп баратат. Тиги кара байрак тагып, унаада зуулдагандар ошолордон го. Имамдарды, бир жагынан мындай көрүнүштү тизгиндетүү үчүн окутуп жатабыз. Негизи, динди элге мамлекет өзү үйрөтүшү керек. “Светтик өлкөбүз” деп мектептерде жок дегенде факультативдүү дин сабагын киргизбей жүрө берсек, динди элге ошентип интернет шейхтер, чала молдолор жана динди пайдаланган бузуку күчтөр үйрөтөт.

— Соңку жылдары өлкөбүздүн куралдуу күчтөрү менен күч органдарыбызда кызмат өтөшкөн катардагы аскерлерден тарта офицерлерге чейин ыймандуулукка үндөгөн жолугушууларда жүрбөйсүзбү. Биз ишенген формачандар арасындагы жүрөк ооруткан кандай жагдайлар сизди капалантты?

— Аскерде кызмат кылуу – чоң сыймык! “Мекенди коргоп, күзөттө уктабай чыккан көз тозок отун көрбөйт” деген мааниде пайгамбарыбыздын айтканы бар. Бирок, аскерде күчтүүсү алсызын басмырлаган “дедовщина” аттуу илдет барын угуп жүрөбүз. Офицерлердин көбү негедир сөгүнүп сүйлөшкөнү айтылат. Аскер – бул булчуңду бултуйтуп, тартипке үйрөтүп, бирок, адепти алсыраткан жай болбошу керек да. Адам тамакка, кыймылга муктаж болгондой эле руханий азыкка да муктаж. Ошон үчүн аскер бөлүктөрүндө адеп семинарларын, фильмдердин бет ачарларын, китеп окуу жарыштарын уюштуруп жатабыз.

— Динди саясый күрөшкө колдонууну максат кылган, өлкөдөгү күн сайын катары калыңдаган момун мусулман бир туугандарыбыздын шайлоодо добушун алууга дилгирленген ою бузук саясатчылар жок эмес. Мындай көрүнүштү тизгиндөөнүн рычагдары барбы?

— Саясаттын табияты ошол: кандай гана болбосун добуш топтоо керек. Бирок, максатка жетет десе эле алдынан чыккан гүлзарды тепсеп кеткен танкка айланууну туура көрбөйм. Ооба, динди карманган чоң электорат бар. Балким, дагы көбөйөт. Бирок, динде “ниет” түшүнүгүнө өзгөчө басым жасалат. Кайрымдуулукпу же башка жакшы амалдарбы, Жараткандын ыраазылыгы үчүн гана кылынып, жашыруун болгону жакшы. Атак-даңк табуу же башка жеке кызыкчылык үчүн берешендик кылуу, ибадат жасоо Жаратканга жакпасын айтат аалымдар. Соопту мандатка, Кудайдын ыраазылыгын добушка айырбаштагандан сактасын ылайым.

 Булак: Азия-нюсь

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here