Улуттук банк өткөн жылдан тарта Кыргызстандан сыртка чыккан акчанын көлөмү көбөйгөнүн кабарлады. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында кеткен акчанын көлөмү 192 миллион долларга жетсе, экинчи жарым жылдыкта 260 миллион долларды чапчыган. Быйыл болсо  жылдын алгачкы алты айында 238,4 миллион долларды түздү

Бул сыртка чыгып кетип жаткан акча жеке адамдардын  которгон акчасы болуп эсептелет. Кимдер канча суммада акча которуп жатканы боюнча албетте маалымат жок. Ал жагы жашыруун эмеспи. Бирок басымдуусу бизнесмендер менен саясатчылардын акчасы экенин баамдасак болот

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here