Чынында Армян эли кыйын элдердин бири экен. Баа берсе болот. 10 жыл мамлекетти башкарып, жакшы иштей албаган Серж Саргсян парламенттеги фракциясына таянып, премьер болуп алды эле. Жалпы армян эли эки жумага жакын тынымсыз чоң митингдерди уюштуруп, аны кызматтан алып түштү.

Андан соң, калк ичинде кадыры чоң оппозиция лидери Никол Пашиняндын талапкерлигин парламентке көрсөтүштү. Алгач парламент бул адамдын талапкерлигин колдобой, премьерликке өткөрбөй койгон. Бирок арадан 10 күн өтпөй кайрдан жалгыз талапкер катаыр көрсөтүшүп, кечээ күнү анын талапкерлигин 59 депутат колдоп добуш беришти. Саргсяндын 43 депутаты каршылыгын билдиришти. Бул элге баа берсе болот. Чоң митингде бийлик жүздөгөн адамдарды камады. Бирок ошондо да сабырдуулук кылып, талап-тоноого барган жок. Бирок көгөрүп аягына чейин турушту. Кудай сактасын, бизде ушундай саясый толкундоо болсо, анда биринчи кезекте талап-тоноо күч алат. Бир сөз менен айтканда кыргыз саясатчылары, бийликке жутунгандар армян элиндеги саясый жүрүштөрдөн сабак алуусу кажет.