Көк бөрү боюнча Ош облусунун «Достук» командасынын чабуулчусу Манас Ниязов олимпиаданын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиевдин билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
«Оюн чындыгында жогорку деңгээлде болду. Таластын «Ынтымак» командасы таза жеңишке ээ болушту. Ал эми Канат Бегалиевдин айткан сөздөрү бир аз туура эмес болуп калыптыр. Бул ат спорту болгондон кийин бирөө жеңет, бирөө жеңилет дегендей… Буйруса кийинки оюндарга мыкты даярдыкта чыгабыз деп аракет кылуудабыз», — деди Манас Ниязов.
Кечээ, 21-март күнү Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча Кыргызстандын биринчилигинин финалында Оштун «Достук» командасы Таластын «Ынтымак» командасына 2:1 эсебинде уттуруп койгон. Ал оюнда Манас Ниязов мыкты оюнчу аталган.

Окуя тууралуу:
Буга чейин 2008-жылдагы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев «Ынтымак» командасын Нооруздагы көк бөрү боюнча республикалык турнирде жеңишке ээ болушу менен куттуктаганы жарыяланган.
«Мен баса белгилеп айта кетерим, бүгүнкү күн — бул тарых. Бул 10 жылдан кийин, 20 жылдан кийин дагы айтылып кала берчү күн. Бул күндү бул жигиттердин (көк бөрүчүлөрдү көрсөтүп), эр-азаматтардын балдары да айтып жүрөт. Бардыгыңарды куттуктайм, урматтуу күйөрмандар. Бүгүн кимдин ким экени билинди. Мен айтар элем, спорт менен намысты Талас облусунан эч ким талашпай эле койсун», — деген болчу Бегалиев.
Канат Бегалиев 1984-жылы Талас облусунда төрөлгөн. 2008-жылы Кытайда өткөн олимпиадада грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль уткан. 2012-жылдын ноябрь айынан тарта грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу болуп, 2017-жылы 26-январда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматына шайланган. 2017-жылдын октябрь айында аталган кызматынан өз каалоосу менен кеткен болчу.

Булак:www.turmush.kg