Жаш депутат КСДПчы Жанар Акаевдин жасаган билдирүүлөрү, сүйлөгөн сөздөрү ЖКдагы КСДП фракциясына гана эмес, жалпы эле бийликке жакпай келатканы жалпыга маалым. Чынында Жанар көп учурда бийликти сындап  чындыкты айтууга аракет кылып келет, бирок айрым учурларда кээ бир чоң саясатчылардын сөзүнө кирип кетип жатканын да байкоого болот. “Бүгүн КСДПнын саясый кеңеши саат кечки беште Алмата көчөсүндө жайгашкан “Форум” имаратында Жанар Акаев боюнча жыйын кылып, анын тизгинин тартуу, фракциядан чыгаруу сыяктуу маселе каралат экен” деген маалымат тараган. Акыркы маалыматтарда саясый кеңеш толук чогулбай, кворум болбой калганы маалым болгонун Акаев өзү жар салды. Ал ошондой эле “Мандатымды бербейм,менин мандат маселемди шайлоочулар чечет” –деп так кесе айтып, азырынча бийлик менен катуу тирешкиси келип жатканын ачык айтпаса да, өзүнүн кадамдары менен айгенелеп койду. Бирок бийлик чындаса, Жанар эле эмес башкаларынын да мандатын тартып алат. Ал оңой эле маселе. Ошондой болсо да, андай көрүнүштөр жакшы көрүнүш эмес.