Мындай маалыматты калеми курч, белгилүү журналист Семетей Талас улуу өзүнүн ФБдагы баракчасына жарыялады. Толук текстин өзгөртпөй төмөндө беребиз: “Бир олигарх “черныйларга 2 млн. доллар берип келгенин кечээ дагы бир жерден уктум. Мурда МВДнын “замынан” угуп ишенбедим эле. Ошол олигархтын эл үчүн, кайрымдуулук үчүн 100 миң долларлык иш кылганын угалекмин. Сооп болуптур сага!”  Мына ушундай. Азырынча, Семетей мырза,  “чёрныйларга”  мынчалык айкөлдүк менен “кайрымдуулук” кылып жаткан олигархтын аты-жөнүн атай элек. Бул маселени тар чөйрөдөгү саясатчылар деле билет болушу керек. Ошол олигарх минтип “кара” иштерди катыра жасап жүрсө, демек, бизнеси адал эмес, арам экен да. Бирок мындай чоң маселе көпкө жерде жатпас. Эртедир-кечтир ачыкка чыгып калышы ажеп эмес. Бийликтин бийик секисиндеги саясатчы, же бийлик менен тыгыз кызматташкан олигарх болушу мүмкүн. ИИМдин «замы» билгенден кийин иштин бүткөнү дей бере да. Бирок ал кайсы «зам»? Эгер элди ойлогон «зам» болсо, ушундай нерселерди иликтеп, коомчулукка алып чыкпайбы? Андыктан, күтө туралы.