Садыр Жапаров деген чала саясатчы, “тоок тууганы калганда кыкылыктайт” деген сөздөн да ашып кетти. Бул кургур “көчүгүнө” келсе  келбесе да, кыкылыктап, бөйрөктөн шыйрак чыгарганды жакшы көрөт экен. Ал өзүн көптөн бери соцсеттерде баатыр кылуунун миң айла –амалын көрүп келатат. Көргөн менен майнабы жок го, ал иштин.  Атагынан чатагы арбын бул неме эми 25-мартта Кыргызстанга келерин жар салып, ошол эле соцсеттерде: “Садыр Жапаровду тосуп алууга ким барат?” деген аталыштагы акция жүргүзүп жатат. Анын сөзүнө ишенип, аны баатыр катары сезип алган тайкы ойлонгондор да бар экен. Эми ал кечетен бери өзүн ФБда олтурбай калганын жар салып, өзүнчө эле бир укмуш болууну дагы да улантууда. Олтурса, турса, аны ким кой деп жатат. Келсе, эч кандай күнөөсү жок болсо эч кимге жар салбай эле акырын келе бербейби. Же эмне ушунча эки жыл, кыргыздын желегин желбиретип космосто жүрдү беле? Кыргызды, айрыкча бийликти жамандап, жалаяктай кеп-сөздөрүн айтып жатты го. Же өзү бийликте турганда кыйратып иштеп койгонсуп. Мунун да кылмыштуу иштери көп го. аны иликтеген киши жок. Бул кокуй немең, бөйрөктөн шыйрак чыгарганды качан токтотот?