Улуттук банктын тараткан маалыматында: жыл башынан бери чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары мекенине которгон акча эки миллиард доллардан ашканы айтылат. Бул сумма быйыл 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 423 миллион долларга көп которулганын көрсөттү. Белгилей кетсек, Кыргызстанга тыштан которулган акчанын 90 пайызга жакыны Орусиядан келет. Дүйнөлүк банк  мигранттар которгон акча Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 30 пайызын түзөрүн  билдирген. Чынында бул акча, Кыргызстандын бир жылдык бюджетине жакын. Чакан бюджетибиздин жыртык жерин бүтөөгө чоң өбөлгө…