Клара Сооронкулованын көп аялдуулук маселесин мыйзамдаштыруу боюнча сунушу мезгилдин эчактан бери мезгилдин талабы болуп калганы ырас. Муну билсе да, билмексен, көрсө да, көрмөксөн, ичинен жактырса, сыртынан жактырбай келген аялдар да, эркектер да арбын. ушул маселеден улам б ир күн мурун Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү Клара Сооронкулова көп аял алуу үчүн моралдык зыян катары компенсация төлөө тартибин киргизүүнү сунуштады. Анын пикиринде, нике келишиминде күйөөсү экинчи аял алгандыгы үчүн биринчи аялына төлөп бериши керек болгон моралдык зыяндын суммасы көрсөтүлүшү керек. Бул тууралуу Сооронкулова өзүнүн Facebook баракчасына:

«Көп аялдуулукка тыюу салган берене укуктук натыйжага ээ эмес. Тилекке каршы, көп аялдуулук институту эркектердин гана эмес, экинчи аял болууга даяр аялдардын арасында дагы сурооталапка ээ. Аялдардын укуктарын коргогон башка укуктук механизмдер иштеши керек. Мисалы, нике келишим институту. Экинчи аял алгысы келгендер моралдык зыян үчүн биринчи аялына компенсация төлөшү керек жана анын көлөмү нике келишиминде көрсөтүлүшү керек», — деп жазды.

Клара айым бул маселе боюнча туура сунуш киргизди. Чынында  көп аялдуулук  маселеси эчак бышып-жетилип калганы ырас. Бул эркектер тарабынан гана эмес, аялдар тарабынан да акыркы учурда бир топ колдоого алына баштады. Демек, улуттун келечеги үчүн, мындай маанилүү мыйзамды  ишке ашыруу мезгилдин эң негизги талабы болуп эсептелет?