АКШ аналитикалык Mercer компаниясынын иликтөөсүндө дүйнө шаарларынын рейтингинде биздин борбор шаарыбыз Бишкек 231 шаардын ичинен 207-орунга илиниптир. Рейтинг: саясий туруктуулук, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарынын деңгээли, кылмыштуулуктун көрсөткүчү, транспорт, инфраструктура жана көңүл ачуу жайлары эсепке алуу менен түзүлөт экен. Эске сала кетсек,  Кыргызстандын борбору өткөн жылга караганда өзүнүн көрсөткүчүн эки тепкичке гана жакшырта алганы менен, баарыбир арткы орундарда турат. Жаңыртылган рейтингде биринчи орунга сегиз жыл катары менен Австриянын борбору Вена шаары татыды. Алдыңкы ондукка: Цюрих (Швейцария), Окленд (Жаңы Зеландия), Мюнхен (Германия), Ванкувер (Канада), Дюссельдорф (Германия), Франкфурт (Германия), Женева (Швейцария), Копенгаген (Дания) жана Базель (Швейцария) шаарлары кирген.

Вена шаары

Орто Азиядагы шаарлардын ичинен эң алдыңкы орунга Алматы (178-орун) татыган. Андан кийин Ташкент, (205-орун) Бишкек (207-орун), Ашхабад (211-орун) жана Душанбе (215-орун) шаарлары турат. Ал эми рейтингдеги эң акыркы орундарга Йемендин Сана шаары (229-орун), Борбор Африка мамлекетинин Банги шаары (230-орун) жана эң акыркы орунду Ирактын Багдад шаары (231-орун) ээледи.

Чынында эле, борбор шаарга бооруң ооруйт. Борбор шаар болбой эле чоң кыштакка айланып бараткандай сезилет. Ичиндеги ар кандай башаламандык, акыр-чикир, мыйзамсыз, курулуштар, тамтыгы чыккан жолдор, кураган, чириген бактар, абаныны булганышы, тар көчөлөр, тыгындар, айтор айта берсең, арман көп, анан кантип бооруң оорубайт. Булар аз келгенсип, бир топ атка минерлер да борбор шаардын ырыскысын уурдап, болушунча уурдап жатышат. Же, андай эмеспи, замандаш?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here