Урматтуу Фейсбуктун колдонуучулары !
Акыркы 26 жыл ичинде Бишкек ш. калкынын саны 500 миң адамга көбөйдү. Ушул аралыкта № 3 балдар бейтапканасы, Улутту госпиталдын урология бөлүмүнүн имараты эле курулду. 500 миң калкка 10 бейтепкана, 10 оорукана куруу зарыл. Канчалык оорукана аз болгон сайын медицинада паракордук, жеке лобараториялар менен жең ичинен кызматташтык көбөйүүдө. Атүгүл кыргыз медицинасы эл аралык медициналык жана фармацевттик мафиянын бир бутагы болуп калды. Кыргызстанда 1989 ж. адамдын орто жашы 75 жаш болсо азыр 69 жаш, бул жашоо турмуштун начардыгы  жана медициналык тейлөөнүн сапатсыздыгы.
Фбда, бириң А. Атамбаевди, бириң Ө. Текебаевди, дагы башкаларың А. Келдибеков, С. Жапаров, А. Мадумаров жана башка депутат, минстирди жактайсыңар. Буларды жактоо негизги маселе эмес. Кимиси болсо да силердин ден-соолугаңар үчүн кам көрбөсү 27 жыл ичинде айкын болуп калды. Президеттерден, өкмөт башыларынан, депутат, министирлерден бул маселени көтөргөн бирөөсүн уктуңар беле?
И. Сталин репресся убагында “нет человека, нет проблема!” дегендей адам ден-соолугу, өмүрү кыргыз бийлиги үчүн дал ошондой.


Жакында Россия 200 млн. $ насия, 220 млн. $ грант берди казынаны толуктоо максатында. Жапан өлкөсү 11 млн. 900 миң $ электрондук өкмөттү түзүү жана башка максатта грант берди.
Айрыкча жаштар силер да улгайасыңар, медициналык тейлөөгө муктаж болосуңар, жашоонун мыйзамы ушундай.
ФБда атайын топ түзүп алып, Президентке, Өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдосоңор, саясий иш чара жасасаңар, өйдөтө айтылган каражатка Бишкеке эң жок дегенде 2 бейтапкана, 2 оорукана куруу маселесин көтөрүп чыксаңар максаттуу болмок. Мындай кадам жасоого негиз бар.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы. 1-берене:
“Кыргыз Республикасынын эгемендигинин неиздерин бекемдөө жана адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары таануу”.
ХХ кылымдын башында Европанын эли кайдыгер болбой ар кандай акциялар менен бийликти элге иштетүүгө жетишкен.