Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку жана учурдагы кызматкерлери баңгизат менен шугулданып жүрүшкөнү ачыкка чыгып, кылтакка илиништи. Алардын жанынан 7,5 кг. көлөмдөгү көп маңзаты чыккан. Аларды УКМК менен ИИМдин из кубарлары биргелешип кармашкан. Чекисттин бет кабын ченебей кийишкен бул ниети бузук кызматкерлердин ишин ИИМ тергемекчи болуп, Бишкек ИИББсинин ИВСинен “жылуу-жумшак” орун алышты. Чынында чекисттердин да, милициялардын да арасында кызмат  абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык күбөлүктөрүнө таянып, баңгизат бизнеси гана эмес, башка да ар кандай кылмыштуу иштердин кызыгына батып жүргөндөр аз эмес. Алардын айрымдары гана ачыкка чыкпаса, көбү тааныш –билиштик менен, “карга, карганын көзүн чукубайт” деген жазылбаган эреже менен ачыкталбай калат. Бул маселени чекситтер менен милициялар эң сонун билишет, бирок айтышпайт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here