Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы менен Өзбекстандын курамандасы кечээ күнү Ташкентте беттешип, өзбек футболчулары биздин футболчуларды 5:0 эсеби менен жеңип алышты. Эске сала кетсек, бул оюн жабык өттү. Сүрөткө, тасмага тартууга уруксат берилген жок.  Ошентип, биздин оюнчулар өзбектерге бир да гол киргизгенге жарабады. Эми кыргыз футболчулары Азия кубогу -2019га даярдануу алкагында 5 -сентябрда Мьянма мамлекетинин курама командасы менен Бишкекте беттешмекчи.