Улан Бакасов, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер: “Раим Матраимовго өкүл бала болмок түгүл, жанынан учурашып да көргөн эмесмин”

— Улан мырза, алгач маекти балалыктын алтын доорунан баштасак, бала чагыңызда кандай элеңиз?
— Рахмат. Мен 1984-жылы Нарын шаарында төрөлдүм, ушул шаарда окуп, мектепти бүтүрдүм. Алгач Нарында №1 тунгуч мектеп болгон Токтогул Сатылганов атындагы мектепте билим алдым. Кийин бүт облустагы 6-классты бүтүргөн балдардан сынак алып, эң жакшыларын кабыл алып окуткан Муратбек Субакожоев атындагы кыргыз-түрк жогорку лицейинде окудум. Бала чагыбыз союздун акыркы алтын доорунун жылдары менен эгемендүүлүктүн алгачкы кыйын мезгилине туш келди. Эл көргөн күндү биз дагы көрдүк. Карапайым үй-бүлөдө чоңойдук. Атам Болотбек Бакасов жер адистиги боюнча инженер, апам Нина Оморова дарыгер. 90-жылдардын башындагы оор күндөргө карабай ата-энебиз билимге жана тарбияга катуу карашчу. Анын акыбетин кийин таттык, эжем менен иним жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен аякташты.
— Бала кезде кыялдарыңыз бар беле, ошолор аткарылып жатабы? Ишкерликке качан аралаштыңыз?
— Баягы эл тегиз унга жетпей, жапырт жумушсуз калып кыйналган күндөрү чоңойгондо жакшы окуп, жакшы кызматта иштеп, жакшы жашасам экен, ата-энемди жакшылап баксам дечүмүн. 20 жашымда ишкерликке аралаштым. Элден тери, тыбыт алып, кайра Кытайга өткөрчүбүз. Нарындын аба-ырайы абдан катаал экенин билесиз, 6 ай кыш өкүмүн жүргүзөт. Ошого карабай базарда, айыл-апаны кыдырып, ар бир үйгө кирип чогултчубуз. Жакшы жашаган элдин, кыйналып жашаган элдин да жашоосун өз көзүм менен көрүп жүрдүм. Ошондо бутка турганымда ушул кишилерге жардам кылсам экен деп тилек кылар элем. Кудайга шүгүр, Алла Таалам суранган тилектерибизди берип келе жатат. Ошол тери алгандан түптөгөн каражатым кийинки бизнестериме эшик ачты. Далай кыйынчылыктарды, турмуштун өйдө-төмөнүн көрдүм. Кээде банкрот да болдум. Чыдап иштедик. Ушул тапта 200дөн ашуун кызматкер иштеген көп тармактуу, үзүрлүү иштеп жаткан ишкана, фирмалары бар чоң ишкерге айландык.
— Кайрымдуулук иштериңиздин башаты балалыктагы кыялдардан башталат турбайбы. Сизди элге абдан көп жардам кылган меценат катары таанышат. Ушул кайрымдуулук иштериңизге токтоло кетпейбизби?
— Негизи бул кылып келген кайрымдуулук иштерим Кудай Таалам экөөбүздүн ортобуздагы купуя сыр болчу. Былтыр пандемияда Нарын жергесине 9 тез жардам, 100 концентратор бердик. Анан шайлоого аттандык, оппоненттер “Уландын мындан башка иштери жок бекен?” – деп чукуй беришип, 10 жылдан бери кылып келген жардамдар элге чыгып кетти. Купуя калса абдан жакшы болмок. Бирок кара пиарга каршы туруш дагы оор экен. Эмне болуп саясаттын казанына аралышып кеткенимди түшүнбөйм калдым. Бирок баары бир купуя сактаган айрым иштеримди чыгаргым келбеди. Ушул темада көп сүйлөгүм келбейт.
— Кара пиар демекчи,өткөн шайлоодо сизди айрымдар бажыканачы Раим Матраимовдун өкүл баласы экен чыгышты. Чынында ошондойбу?
— Жок, жалган сөз. Раимбек Матраимовго өкүл бала болмок түгүл, жанынан учурашып көргөн эмесмин. Массалык маалымат каражаттарынан эле жаман-жакшысын окубасам, тааныбайм деле. Жок жерден а кишиге жабыштырышып жалаа жабышты. Каралагандан уялбаган адамдар бар экен. Керек болсо кайдагы бир сүрөткө монтаждап чыгарып ийишет экен.
— Ийгиликтүү ишкер, кайрымдуу меценат болсоңуз, саясатка эмнеге аттандыңыз? Былтыр “Биримдик” партиясынан чыктыңыз, айрымдар ал кадамыңызды туура эмес көрүштү эле…
— Саясатка аттанган талапкер ар бир партиянын потенциалын анализ кылат. Өтө турганын тандайт. Былтыр парламентке келе турган шансы бар партиялардын алгачкы үчтүгүнө “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” кирген. Эки партияга көөнүм чаппады. Көз-карашым, адамдык принциптерим туура келбеди. Ушул себептен “Биримдик” партиясын тандадым. Эми түштөн кийин жаман-жакшы деп айткым келбейт. Туура эмес да болуп калат. Саясий жактан сабак алдым. Былтыр эле бир мандаттуу шайлоо системасы болгондо жакшы болмок экен. Саясатка эмнеге аттандыңыз деп жатасыз, себебин айтайын. “Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз адам тутка болбойт” деген чын экен. Ишкер болгон соң мүмкүнчүлүгүн чектелүү болот экен, кээ бир жерде керексиз, бюрократиялык мыйзамдар эл үчүн бир жакшы нерсе кылайын десең тоскоолдук жаратат. Айрым учурда элге пайдалуу иш кылганы жатсаң, мамлекеттик бир мекеменин кызматкери бут тосот. Андыктан, депутат болгондогу башкы максатым эл-жерге керектүү мыйзамдарды жазуу жана аны көзөмөлдөө, облуста канча жылдан чечилбей келе жаткан социалдык көйгөйлөрдү Өкмөттүн алдына коюп чечтирүү. Депутат мыйзам жазыш керек дегендер бар. Туура, мыйзам чыгаруу палатасына эл өкүлү катары бара жаткан соң, мыйзамдан мурда элдин таламын талашуу, элдин көйгөйүн чечүүгө аракет кылуу, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгына чыккынчылык келтирген мыйзамдарга каршы туруу депутаттын эң башкы максаты болуш керек деп эсептейм. Тарыхка кылчайсак канчалаган билимдүү, мыкты юрист депутат “Кумтөр”, “ТЭЦ” маселесинде мамлекетке каршы добуш беришпедиби. Ушундай депутат болгондон Кудай сактаса экен.
— Анда быйыл сизге жакшы шанс түзүлгөн экен да. Бир мандаттуу округдан чыккан талапкер катары кандай саясий программа, платформа менен чыктыңыз?
— Нарын облусу мал киндиктүү жер болгондуктан, жашоочуларынын дээрлик басымдуу бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет. Кудайга шүгүр, акыркы жылдарда төрт түлүк малдын саны өстү. Бирок аны менен бирге жайыт тартыштыгы келип чыга баштады. Былтыр билесиздер эки райондун эли жайыт талашып чатакташышты. Анын баары эле жаздын аягы, жайдын башында кымыз, сүт сатыш үчүн жакынкы жайыттарга чоң жолдорго чукул чыгышып, анын натыйжасында чөптөр баш алалбай, бара-бара ошол жерлер такырга айлана баштады. Андыктан жайыттарды туура пайдалануу, чыр-чатактарды азайтуу, мониторинг кылуу үчүн так мыйзамдар керек. Андан сырткары айыл-чарба өндүрүүчүлөрүн кооперативдерге бириктирүү.
Мисалы, азыркы тапта Өзбекстан жашылча-жемиштерди сактоочу жайларды куруп, ири кооперативдер менен келишим түзүп, алардын өндүргөн продукциясы сатып алып, топтоп, аны кайра Россиянын ири соода жайларына экспорттоп жатат. Эмнеге биз андай кылалбайбыз? Ат-Башынын балы, картошкасы мыкты бирок, бир өлкө менен келишим түзө келсен алар сураган көлөм чыкпай калат. Себеби, ар бири өзү тапкан кардарга сатып жатышат. Андан башка айыл-чарба продукцияларын иштеп чыгарган ишканаларга мамлекеттен жеңилдик жок. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду сыяктуу ири каржылык фонддору облуста жер, имарат арзан болгондуктан күрөөгө чыкпай калат экен деп пайызы аз кредит бербейт. Ортодо мамлекет гарант болсо, иш алдыга жылат эле. Ат-Башыда топоз этинен даамдуу консерва чыгарган ишкана бар. Мамлекеттен жакшы колдоо болбой, пландаган көлөмгө чыгалбай жатышат. Дагы бир маселе, малдарды сандан-сапатка өткөрүү керек. Кээ бир айылдарды уйлар күзүндө саалбай талаада оттоп жүрүшөт. Сарайда багайын десе сүттү ала турган сүт заводдор аз. Жем-чөпкө каражат аз. Айла жок талаага койо беришет да. 4-5 уйдун ордуна асыл тукум породасынан, мисалы, биздин облуска ылайыктуу “Алатоо” породасынан 2 уйду бакса, ошол эле сүттү берет. Айтор, айыл-чарбасында чечилбей жаткан көйгөйлөр толтура, ушул тармакта мыйзам жазарда алгач эл менен жолугуп, проблемаларын ошону угуп, чечүүгө ылайыктап жазам.
— Программаңызда “Ресурстарды колдонуу менен жумушсуздукту азайтуу” деп дагы жазыпсыз, ушул жаатта кандай долбоорлоруңуз бар?
— Нарын аймагы шар аккан дарыя, суулардын мекени. Орто Азияны суу менен камсыз кылган Нарын дайрасынын башаты бизден башталат. Гидроресурстарды туура пайдалануу үчүн кичи-ГЭСтерди курууга уруксат кагаздарын жөнөкөйлөштүрүп, арзан каржы булактарын табышыбыз керек. Алардан чыккан электр энергияны крипто-валюта менен иштеген компанияларга сатып, алардын турак-жайларын Европадагы туристтик коттедждердей типте салсак, абдан көрк да бермек. Негизи, туристтер көп каттаган Аксайдагы Көл-Суу, Таш-Рабат, Салкын-Төр, Чар сыяктуу табияттын ажайып жерлерине бардык шарты менен четөлкөдөгү туристтик жайлардагыдай турак-жайлар куруу – замандын талабы болуп калды. Быйыл ушул айтылган жерлерге ички жана сырткы туристтер агылды. Тилекке каршы, түзүлгөн шарттар жок. Анан жумушсуздук маселеси боюнча айтайын. Нарын облусу толтура кен-байлыктар чыкканына карабай дотацияда отурган аймак. Нарын облусунун экс-губернатору Канатбек Муратбеков айтмакчы, “Нарындан көчүп кетпей, иштеп-жашап аткан жаштарга эрдик медалын бериш керек”. Айрыкча, Нарын шаарында жумушсуздук чоң көйгөй. Жер үйлөрдүн аянты кичинекей, көбүрөөк мал кармаганга тар келет. Кышында айылдагыдай тезек, отунга биртке көмүрдү аралаштырып жагып чыгып кеткенде шарт жок. Муниципалдык жана мамлекеттик ишканалардан тышкары болгон бакканы шаардагы базар. Азыр жаштар жумуш издеп сыртка кете башташты. Кумтөрдөн түшкөн пайдадан 0,6% бөлүнсө бир топ ишканалар ачылып, имараттар салынып, жумушчу орундар түзүлмөк. Таяктын экинчи учун айтсак, ошол эле бизде учурда керектүү адистер жетишпейт. Баягы, Нарында россиялык “Русгидро” ишканасы ГЭС салып баштаганда, элементардуу сварщиктер жетишпей, күнүнө 2500 сомдон берет элек деп иш алган субподрядчик фирмалар издеп жүрүштү. Өкмөт мамлекеттик кызматкерлерге үй салып бергенде же ылдыйдагы «Агахан» университети курулуш иштерин кылганда тендерди бишкектик же чет өлкөлүк курулуш компаниялары утуп кетип жатышат. Себеби, бизде кээде тиешелүү адистер жок болуп калат экен. Андыктан, кесиптик лицейлердин, университеттин базаларын чыңдап, Нарын облусуна иш орундарын берүүчү обьекттер курула турган болсо, анын бир жыл мурда пландап өзүбүздүн жаштарды окутуп ишке тартышыбыз зарыл экен.
— Маегиңизге чоң рахмат! Шайлоодо ийгилик менен келиңиз.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бакасов Улан Болотбековичтин каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакасова Райхан Болотбекова тарабынан талапкердин шайлоо фондунан төлөндү.