Ормон Нурбек уулу: “Ишкерликти 20’000 сом менен баштагам”

№32 Кочкор бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттыгына талапкер Ормон Нурбек уулу менен баарлашып кайттык. Жаш болсо да бир топ алгылыктуу иштерди аткарып, өлкөнүн экономикасына салымын кошуп келет.

Шоктугумдун айынан 3 мектеп котордум…

— Мен бала кезде жаш балдар таттуу кыялдангандай кыялданбаптырмын деле. Себеби, биздин жашоо өтө татаал болгон. Кыялданганга убакыт болгон эмес. Ошентсе да, космонавт болууну кыялданчумун. Азыркы ой менен караганда ал болбой турган нерсе албетте. Жашоонун шартына жараша бара-бара кыялдар да өзгөрүп турат экен. Балалык туурасында сөз болгондо тентек Ормон эске түшөт. Ойлосом, ошондо эле беттегенимди бербеген өжөр экенмин. Шоктугум да кошул-ташыл болуп, ата-энемди бир топ убара кылдым. Анын айынан 3 мектепти которууга туура келген.

Кыйынчылыктар

— Бала кезде кыйынчылыктар баштан көп өттү, апам шаарга барып картошка сатып келчү. Жетишпеген жашоонун айынан байкемдин кийимдерин, бут кийимин көп эле кийип калдым. Эсимде калганы, чай жок калганда кызылча же сабизди чайдай кылып туурап, кургатып чай ичип калчубуз. Бирок, ошол кезди азыр сагынуу менен эстейм. Астыма миллиард койсо да, ошол кезге бир саамга кайткым келет. Анткени, ал убакта атам, апам баарыбыз чогуу болчубуз. Үйдө 4 бир туугандын кичүүсүмүн. Улуу агам, эки эжем бар. Атам мектептин жылуулугун карап, от жагып иштечү, апам,чоң атам, чоң энем мугалимдер. Мен мугалимдердин үй-бүлөсүндө чоңойгом.

Кесибим боюнча юристмин

— Кесибим боюнча юристмин. Ата-энем биздин билим алуу- бузга болгон аракетин жумшады. Тилекке каршы ал кесип менен алектенген жокмун. Ишкерлик жагына басым жасап, ошол жаат- та бышып жетилдим окшойт. Эми буюрса Жогорку Кеңешке келип калсам кесибиме кайтам. Жубайымды бир көрүп сүйүп калгам— Азыркы тапта эки уулдун атасымын, үчүнчү перзентибизди күтүп жатабыз. Улуусу экиде, кичүүсү бирге чыгайын деп калды. Келинчегим менен бир тойго даярданып, сөйкө алып жаткан убакта таанышкам. Биринчи мага жөнөкөй, карапайым көрүнгөн. Мен жоро жолдошторумдун көбү үйлөнүп, балалуу болуп калганда 29 жашымда үйлөндүм. Ага чейин бирөөнү күтүп жүргөндөй сезимде болор элем. Бир көрүп сүйүп калат десе мурда ишенчү эмес элем. Бирок, келинчегимди көргөндө ал ойдон кайттым. Себеби, көргөндө эле жүрөгүмдө башкача сезим болду, болочок жубайым ушул кыз болот деп ишендим. Жарым жылдай сүйлөштүк, ата-энеси менен тааныштык, кыргыздын салты менен баш кош-тук. Кайын журтум кереметтүү Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Зындан айылынан болот.

Дордой, 20 миң сом, жарым контейнер…

— Ишкерликти 2010-жылы июнь окуясынын алдында Дордойго келип уйгур эженин жарым контейнерин жарым жылга ижарага алып баштагам. Чөнтөгүмдө болгону 20 миң сом бар. Ар бир кийимдин бирден үлгүсүн алып контейнерге илип койчумун. Кардар келип калганда өлчөмү чоңураак же кичине болуп калса, аларды тургузуп коюп, кардарларымды жоготпош үчүн дүң саткан жагына (1,5 чакырым аралыкта) чуркап барып алып келип берчүмүн. Азыр ойлосом, күнүгө 30-40 жолу дүң саткан жакка барып-келчү экенмин. Канча тез барып келсем, товарым ошончо тез өтөт. Эгер чуркабай жай басып барып-келсем, кардарым күтпөй кетип калчу. Ошондуктан, болгон күчүм менен чуркап, тез эле келгенге аракеттенчүмүн. Чуркап иштеп жүрүп 20 күндүн ичинде уйгур эженин контейнерине жарым жылга төлөй турган каражатты чогултуптурмун, жетпегенин албетте, апамдын катып жүргөн акчасынан коштук. Ишкерликти чуркап баштагам десем болот. Негизи кайсы иш болбосун эң биринчи өзүңө ишенишиң керек, анан албетте, күчтүү аракет, каалоо керек. Жөн эле мен ири ишкер болгум келет деп диванда жата берсең, ири эмес кичи ишкер да боло албайсың.

Жетекчи мыкты мотиватор болуусу шарт.

— Эң биринчи кезекте жетекчи адам болушу керек. Бул жашоодо эң мыкты сапат бул адамгерчилик. Кандай бутакта болбо, кайсы иште болбо, мен жетекчимин деп кол алдындагы кызматкерлерге үстөмдүк кылуунун кереги жок. Сени менен кызматташкан адамдар менен үстүдөн сүйлөбөй, алар менен теңме-тең сүйлөшкөндү үйрөнүш керек. Жетекчинин ишин баалай турган анын кол астында иштеген кызматкерлери. Алар менен жөнөкөй гана мамиледе болгон жакшы. Канчалык бийиктесең да, жерде экениңди, ошол кызматкерлердин аркасы менен иштериң илгери жылып жатканын билүүң абзел. Анан албетте, жетекчи мыкты мотиватор болушу керек. Эгер жетекчи өзү соолуп, ишке көңүлү жок, эптеп эле ишим кыймылдап турсун, ачка калбасам болду десе, анда ал сөзсүз ачка калат. Менин жеке оюмда жетекчи болгондон кийин чоң жоопкерчилик мойнуңа илинет. Себеби, иштеген кызматкерлердин жашоо-шартын оңдоо же аларды өзүң менен кошо артка тартуу бир гана жетекчиден көз каранды. Сөз менен адамды өстүрүүгө болот. Кызматкерлерге мотивация, энергия бере турган сөздөрдү айтуу керек.

Таман акы, маңдай тер менен табылган акчада чыныгы береке болот

— Ишкерлик туурасында сөз болуп калбадыбы, ишин алдыга жылдыруу үчүн көзү ачык, бүбүлөрдүн кызматтарын пайдалангандар бар. Мен эмнегедир ишимди алдыга жылдыруу үчүн андай жаман жорукка барганым жок. Себеби, ата-энемдин жакшы тарбиясын көрүп калгангабы, айтор таман акы, маңдай тер менен табылган акчада чыныгы береке болоорун жакшы билем. Анын үстүнө андайларга ишене бербейм.

Сөзгө терең маани берем

— Сөзгө жакшы маани берем. Колдон келсе ооздон чыгып жаткан ар бир сөзүмдү ойлонуп, терең талдап сүйлөгөнгө аракет жасайм. Себеби, сөз сенин оозуңдан чыкканча – сенин кулуң, сөз чыккандан кийин – сен анын кулусуң – деп коет го.Кыргыз эли макалга, мааниси терең сөзгө бай. Ал макалдардын баары азыркы жашообузда кездешип калат. Ата-бабабыз ошондо эле көрөгөчтүк менен баарын макалдарында айтып койгон экен. Мындай айтса жөнөкөй эле сөз угулат. Бирок, башыман өткөндөн кийин макалдардын түпкү тереңиндеги маанисине ынанып бараткан кезим. Башыман көп кыйынчылыктар өттү деп атпаймынбы, көп досторум, туугандарым саткан убактар болду. “Тууганың барда – душманым жок деп айтпа” – деген бир сөз эсимде калыптыр. Албетте, туугандын да – тууганы, достун да – досу болот экен. Ылдый-өйдөнү көргөн адамдар ошону эстейт деп ойлоп атам. Той-топурда баарыбыз дос-тууганбыз, бирок эки кадам алыстаганда артыбыздан кандай сөздөр кетет, угуп-көрүп эле жүрөбүз. Бош убактымды балдарыма арнайм — Азыркы балалуу адам бош убактысын балдары менен өткөргүсү келет экен. Айрыкча уулдарымдын азыр таттуу убагы, тили жаңы чыгып, аталап, апалап талпынып турган чактары. Алардан ашкан убакытта досторум менен баарлашам. Адам баласына эс алуунун кандай түрү болбосун жакса керек. Бирок бизге көпчүлүк учурда достор менен бирге чет жакка чыгып же жаратылыш койнунда эс алган жагат.

Мүнөзүм…

.— Адамга өзүнүн мүнөзү кандай экени көп байкалбаса керек. Ошондой болсо дагы, шар жүргөн, токтоо, курч, ийилгенге ийилип, какайганга какайып койгон мүнөзүм бар. Жаңылбаган – жаак, мүдүрүлбөгөн – туяк болбойт. Биз да көп жолу жаңылдык, кайра түздөндүк. Мүнөзүм жалпылап алганда жакшы. Өзүмдөгү жакпаган сапатым болсо – ишенчээктигим. Адамдарга тез эле ишенип алып, кийин өкүнүп калам.

Спорт менен саясат окшош, экөөнө тең тактика керек

— Абдан деле китеп сүйүүчүлөргө кирбейм, бирок кызыккан китептерди окуп коем. Акыркы жолу Кытайдын бир ойчулунун тактика боюнча китебин окуп калдым. Тактика саясатта, спортто кандай болот. Негизи экөө бирдей эле, экөөнө тең тактика керек, бирок ыкмалары ар кандай. Анан өткөн жашооңдогу, азыркы жана алдыдагы жашооңдогу бардык мүчүлүштүктөрдү түздөө жана түз коюу деген, көздү ача турган сабактары бар китеп экен. Өзүм чоң саясатка аттанып жаткандан кийин, мага абдан керектүү китеп болду.

КР №32 Кочкор шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нурбек уулу Ормондун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сыдыгалиева Насип Шайкеевна тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 438 13.10.2021-ж.).15. 11. 2021.