Чагылган: Бишкектин Жумушчулар шаарчасында (Рабочей городок), бүгүн, 27 — апрелде 11-класстын окуучусу муунуп калды. Бул тууралуу , 24.kg агенттигине Ички иштер министрлигинен кабарлашкан.

Маалыматка ылайык, ата-энелери ушул жумада эле ажырашышкан, ошол себептен бала сарайда муунуп алган.  2016-жылы республика боюнча жашы жетелектер арасында 95 суицид фактысы катталып, анын 56сы кыздар болгон.

2017-жылы 1-январдан 7-февралга чейин суицид боюнча 18  факты каралган. Алардын 18 эркек бала, 5 кыздар болгон. Өзүнө кол салган жеткинчектердин бешөө ата-энелери менен урушуп кетишкен, экөөсү — оорунун кесепетинен, жетөө — сүйүүнүн айынан болсо, экөө — ата-энелери менен жашабагандар болгон.