Ички иштер министрлиги Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын Бишкектеги үйүн тинтүүдө Сейитбек Атамбаевге тиешелүү ири суммадагы каражат табылганын билдирди. 17-августта мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинде 9-августка караган түнү соттун чечими менен Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйү тинтүүгө алынганы айтылган. Маалыматта: Атамбаев 8-августта таштап кеткен сумкадан 170 миң сом жана адамдардын аты-жөнү, телефон номурлары жазылган барактар табылган. Ошондой эле 2 млн. 225 миң сом жана 316 миң доллар коротулганы жазылган барак да чыккан. ИИМ бул сумма массалык башаламандыкты уюштургандарга сарпталган акча болушу мүмкүн деп болголоп жатат . ИИМ бул боюнча «Учурда жогорудагы барактар дыкат иликтенип жатат жана мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — дейт.

ИИМ андан тышкары «Сейитбек Атамбаев катуу сабалган» деген маалыматтарды жокко чыгарып, Атамбаев 8-августта суракка чакырылганда эч кандай жаракаты болбогонун, 9-августта экинчи ирет суракка келгенде ал бутун кайрып алганын айтканын билдирди. Кечээ күнү Раиса Атамбаева күч органдары Атамбаевдин кудасынын үйүн дагы тинтип жатышканын жана баласы сейитбек катуу сабалганын айткан.