Жогорку Сот Райымбек Матраимовду колдогон чечим чыгарганын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалымата: арыз 17-майда каралып, жарандык иштер боюнча соттук коллегия буга чейинки чечимдерди күчүндө калтырганы айтылат.

Белгилей кетсек, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында алынган болчу. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. Матраимов көп өтпөй, ал иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген эле. . Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан. Бул чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган.

Өкмөттүн коррупционерлердин атаманы делип сыптталып келаткан РАИММИЛЛИОНдон соттон утулушу көп нерседен кабар берет. Бир сөз менен айтканда, РАИММИЛЛИОН өлкөдө экинчи президенттей эле таасир калтырууда. Өкмөтүң болсо, анын алдында арабасы таптакыр сынып, өгүзү менен кошо «өлдү» десек жаңылышпайбыз.