«Мегаком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутканын айтты.
«Укук коргоо органдарына дайындап, каматам, түбүңө жетем» деген СМС билдирүүлөр бар, ошолор далил болуп берет», — деди Жаманкулов.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев КТ Мобайл боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жаманкулов айткандарын текшерип чыгууну сунуштады. Ошондой эле ал бул маселе боюнча кылмыш ишин козгоону Баш прокурордон талап кылды. Жамангулов
«Иманкадыр Рысалиев бир нече жолу менин дарегиме коркуткан сөздөрдү айтты, каттарды жазып, түбүңө жетем, укук коргоо органдарына каздырам, ал тургай балдарыңды жакшылап кара» дегенге чейин барган»,-деди ал. Белгилей кетсек, өкмөт башчынын бажасы Иманкадыр аксакалдын «КТ- Мобайлга» эч тиешеси жок, болгону баласы гана иштейт.

Парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны башталды. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком” “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.

https://www.facebook.com/tynjtyk/videos/2240269072716636/