Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагына орнотулган береги тактачанын баасы 2500 сом эмес, 250 000 миң сомду чапчыптыр. Бул тууралуу айыл жашоочусу Таалайбек уулу Камчыбек буларды айтып берген:

“Урматтуу Миң-Булак айылынын тургундары, жогорудагы сүрөттө көрүнүп турган Долон ашуусундагы белги Нарын районунун акими Черикбаев Семетей тарабынан 250000 (эки жүз элүү миң) сомго жазатылыптыр. Маалымат сурап кайрылганымда эч кандай катыма жооп бере алган жок. Прокуратурадан дагы эч кандай чара көрүшкөн жок”