Деги эле Кыргызстанда, адамдар ортосунда жер талашуу, бирөөнүн жеке менчик жерин каратып туруп басып алуу көрүнүшү аз эмес. Төмөндө биз баяндап жаткан окуя да мына ушул маселеге келип такалат . Бул көйгөйдү азырынча учкай маалымдап туралы:

Чуй айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчик Чуй айылынын Жантаева-Пионерская көчөлөрүнүн кесилишиндеги 300 чарчы метр жер тилкесин Токмок шаардык түндүк электро ишканасынын башчысы Качкын Анапиязовдун жубайы Н. Боронбаева мыйзамсыз ээлеп көп жылдан бери иштетип келе жатат. Ал жердин чыныгы ээси Алмаш айым. Бирок чоӊ кызматта иштеген адамдын жубайы Алмаш айымдын укугун тебелеп, өзүн -өзү билип, өтүгүн төргө илип келет .

2019-жылдын 17-апрелинде Чуй облусунун райондор аралык соту тарабынан ишти ордунан карап аткан учурда соттун төрайымы А. Ахметовага жана мамлекеттик ишканалардын өкүлдөрүнө Токмок шаардык түндүк электро ишканасынын башчысы Качкын Анапиязов тарабынан озунун ыйгарым укуктарын колдонуп, кысым кылды . Бул талаштуу маселеге белгилүү укук коргоочу Токтоайым Үмөталиева да аралашып,өзүнүн калыс пикирин айткан.