Маалым болгондой 14-майда Токмок шаардык соту дарыканада 25 миң сомду карактаган 33 жаштагы жаранды 5 жылга эркинен ажыраткан. Ал мас абалында дарыкананын кассасынан 25 миң сом алып качып кеткени айтылган. Бүгүн соцсеттерде ал дарыкана экс-министр, коомдук ишмер Дамира Ниязалиевага таандык экени айтылып, окуянын чоо-жайын толук билбегендер «кечирим кылып коюшпай, жигитти соттотуп жиберди» деген сындарды жазышкан. Бул жагымсыз окуяга туш болгон фармацевт Ниязова Эльмира айым, бул окуя боюнча негизги чындыкты төмөнкү кайрылуу аркылуу билдирди:

-Урматуу мекендештер ! Баарыныздарга ыраазычылык билдирем. Жагдайдын чоо –жайын айтып койоюн деп чечтим. Мен провизор –фармацевт болуп ушул аптекада көп жылдан бери иштейм. 12- март 2019-жылы кечке маал, ичип алган жигит кирип акчам жок, бирок мага дары керек дегенинен, мен биринчи жардам катары дарыны акысыз эле берип, бирок эртеӊ врачка көргөзүү керектигин айттым. 10-15 миӊ өткөндөн кийин мас жигит кайра кирип, кассадан акча алам деп мени башка бир муштоого аракет кылды,бирок муштуму тийбей калды, анткен менен кассанын ачкасын алып кетти.

Мен абдан шок болдум, милиция чакырып, тревожный кнопканы бастым. «Өзүм келдим, күнөөмду моюнга алып»- деп айтып аткан жалган сөз, анткени ал жигитти милиция кызматкерлери видеону көрүп, өздөрү үйүнөн таап алышыптыр. Менин эч кандай дооматым жок, мен аны кечирдим деп соттон айттым, бирок чечимди мен эмес сот чыгырды!Баарыныздардан сураныч, менин да үй-бүлөм, балдарым бар, туугандарым бар, улам –улам менин жана аптеканын атын талкуу кылганынарды токтоотууӊарды суранам. Баардык суроолоруӊуздарды сотко жөнөткүлө.