«Айыл банктын» мурдагы директору Мурат Акимов камакка алынып, бирок соттун чечими менен үй камагына чыгарылгандыгы тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2017-2019-жылдары банкты башкарып турганда бир катар каржылык мыйзамсыз иштерге аралашканы жана кредиттерди мыйзамсыз бергени аныкталган.

Мурат Акимов бул кызматта 2017-жылдын январынан 2019-ж. апрелине чейин иштеген.