16-майга караган түнү Бишкектин чок ортосундагы Панфилов сейил багында кафе өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоо менен күрөшкөнү өрт өчүрүүчү төрт унаа келген.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен “Живая экзотика” кичи зоопаркы, “Деревяшка” кафеси жана экзотикалык жаныбарлар күйгөн. учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.