Окуя 14- январда Ноокат районунун Гүлистан айылында болгон. 22-23 жаштагы үч адам жабырлануучуну «Honda CRV» үлгүсүндөгү унаа менен ээн талаага алып барып, арматура менен сабап, бутка атып таштап кетишкен. Кылмыштын изи сууй электе ошол эле райондун 22-23 жаштагы тургундары кармалып, алар айдаган машинаны текшеришкенде  ИЖ-17 үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгы жана узундугу бир метрден ашкан эки арматура табылган. 

Маалыматта  жабырлануучунун 48 миң сом карызы болгону айтылат.  Азыр ал оор абалда райондук ооруканада жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here