Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы орто мектепте билим алган окуучу кыз көз жарды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдирди.

Айыл тургундарынын айтымында, кыз 15 жашта болгон.

«Ал кыздын ден соолугуна байланыштуу маалым каты бар экен. Ошонун негизинде үйүнөн окучу», — дешти алар.

Ал эми Ысык-Ата райондук аймактык оорукана бул окуяны тастыктап: «Ооба, биздин ооруканадан 15 жаштагы кыз төрөдү. Бүгүн ал үйүнө чыкты. Кыйналбай жакшы төрөп алды», — деп билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз эркек төрөгөн. Анын салмагы 2,600 кг болгон.
Булак.turmush.kg