Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Өмүрбек Бакиров менен Кубанычбек Нурматов мушташып кетишкенин айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты.  Маалыматта:  мушташ Кубанычбек Нурматовдун кабинетинде болгондугу жана себеби азырынча белгисиз экендиги айтылат.  Бири-бирине муштум кезегендер Араван районунан чыккан депутаттары.

Өмүрбек Бакиров өткөн жылдын декабрь айында “КСДП” фракциясынын Музаффар Исаковдун ордуна депутат болуп келген. Ал мурунку чакырылышта да депутат болгон. Депутат болуп турганда аны уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экенин жана маркум Алмамбет Анапияевдин өкүл баласы экенин ИИМдин ошол кездеги министри Абдылда Суранчиев айтып чыккан.

Ал эми Кубанычбек Нурматов 2015-жылы “Кыргызстан” партиясынан депутат болуп шайланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here