14-январда 17.16да Бишкектен учуп чыккан Boeing 707 учагы   Тегеранга жакын жерге кулап түшкөнүн РИА Новости агенттиги жазды.

Алдын ала маалымат боюнча учак Бишкектен чыгып Тегерандын жанындагы Карадж шаарындагы «Пайам» аэропортуна конмок. Бирок белгисиз себептерден  улам ошол эле шаардагы  «Фатх» аэропортуна конгон. Жергиликтүү  басылмалар учкуч самолетту башкара албай эл жашаган районго кирип кеткенин жазышууда. Ал Бишкектен эт ташыган учак экени айтылууда.

Азырынча өлгөндөрдүн саны так айтыла элек. Учакта 17 киши болгон.

 

View image on Twitter

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here