Өзгөн шаарында 35 жаштагы аял чайканада көмүрдүн исине ууланып көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттык» радиосуна билдирген.

Окуя  12-январда «Батма эне» деген кафеде болгон. Эже-сиңди ошол чайканадагы бир бөлмөдө жатып эмгектенишкен. Алар жашаган  бөлмөнү электр энергиясы менен жылытышчу. Ошол күнү свет өчүп калып, алар үй муздай баштаганда алар шишкебек бышырган көмүрдүн чогун челекке салып бөлмөнү жылытып уктап калышкан. Көмүрдөн чыккан истен улам бири каза болгон.

Окуядан болгон күнү 37 жаштагы эжеси дагы ууланып,ооруканага жаткырылган. Учурда абалы канааттандыраарлык.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here