Ош прокуратурасынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиевдин үстүнөн сот жараяны Бишкектин Октябрь райондук сотунда жанданды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кадыралиевге каршы арыз жазган өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев кабарлады. Анын айтымында, буга чейин иш негизсиз создугуп, каралбай келген. Эми кийинки жараян 17-январда өткөнү турат.

2014-жылы Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүм билемдик” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Кадыралиевге иш козголушуна «куралдуу карактоого кабылдым» деген өзгөндүк ишкерлердин арыздары негиз болгон.

“Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин бул ишти экс-президент Алмазбек Атамбаев жеке көзөмөлүнө алган. Жабырлануучулар арадан төрт жыл өтсө да Кадыралиев жоопко тартылбай жатканына нааразы болуп жүрүшөт.

Канжар Кадыралиев коюлган дооматтарды «жалган» деп четке кагып, өзүнүн ак экенин айтып келет. (BkA)

Булак:Азаттык.